Тарас бала кезинен эле көп азап-тозокторду башынан өткөргөн. Ал Украинадагы Энгельгардт деген помещикке тиешелүү крепостной дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Тарас Григорьевич тубаса таланттуу, өтө жөндөмдүү адам болгон. Кичинекей кезинен эле анын сүрөтчүлүк таланты билинген. Каардуу кыйкырык да, атканада шапалак менен жазалоо да, кичинекей Тарастын колунан калемин таштата алган эмес. Акыры Энгельгардт Тарасты өзүнүн крепостной сүрөтчүсү кылуу үчүн, аны Петербургдагы живописчи боёкчу чеберге шакирттикке берет. Тарас статуялардын сүрөтүн тартып алуу үчүн барчу. Бир ыңгайлуу учур болуп, ал Петербургдун мыкты сүрөтчүлөрү менен таанышып калат. Алар таланттуу жаш жигиттин тагдырына белсене аралашып, баары тең Тарасты крепостнойлуктан бошотмок болушат. Ошентип алар помещикке 2500 сом (сом деп өзүбүздүн тилде айтканыбыз) төлөшүп, 1838-жылы 24 жашка толгон Тарасты азаттыкка чыгарышат.
Тарас Петербург сүрөт академиясында сүрөтчү К. Брюлловдун жетекчилигинде иштей баштайт. 1840-жылы Шевченконун биринчи ырлар жыйнагы жарыкка чыгат. Ал «Кобзарь» деп аталган, бул украин тилинде элдик акын дегенди билгизет. Бул ат анын бүткүл чыгармачылыгын аныктап тургансыйт. Ал чындыгында эле украин элинин улуу акыны, украин адабиятындагы рёволюциялык-демократиялык багыттын өкүлү жана орус революциячыл демократтарынын пикирлеш шакирти болуп калат.
Анын «Түш», «Азиз адам» поэмаларын, «Осуят» аттуу мыкты ыры жана башка чыгармаларынан кедей-кембагалдардын муң-зарын баяндап, бардык жерден кулчулуктан бошонууга чакырган ураан катары жаңырган. Шевченко бул чыгармаларында крепостнойлук укукка наалат айтып, элди ачык эле революцияга чакырган. 1846-жылы Шевченко крепостнойчулукка каршы уюшулган жашыруун уюмга мүчө болуп кирет, бирок тез эле камакка алынат, падышалык өкмөт эл бузар, адепсиз ырлары үчүн Шевченкону Оренбургдагы өзүнчө корпуска катардагы солдат кылып айдап жиберген, ага ыр жазууга жана сүрөт тартууга тыюу салган. Шевченко бул түнөргөн казармага келген биринчи эле күнү падышанын буйругун бузган: ал ыр жазууну улантып, ыр жазылган кичинекей дептерчесин өтүгүнүн кончуна катып жүргөн. Тарас Шевченко сүргүндө 10 жылдан ашык жүргөн. Өзүнүн бул кездеги чыгармачылыгын ал «туткундагы поэзия» деп атаган.
Солдаттык турмуштагы кыйынчылыктар Шевченконун эркин майтара алган эмес. Бул мезгилдеги чыгармалары революционер акындын кажыбас кайратын күбөлөп турат. Алардын кээ бирлери, мисалы «Ойлорум менин ойлорум» деген ыры, «Онтоп, ыйлайт кең Днепр» деген балладанын үзүндүсү кийинчерээк обонго салынып, элдик ырга айланып кеткен.