Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Уильям Шекспир

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Уильям Шекспир

Уильям Шекспир омур баяны(1564-1616)
Эйвон дарыясынын боюнда жайгашкан англис шаарчасы Стратфорддо 440 жыл мурун улуу англис акыны жана драматургу Уильям Шекспир туулган. Анын балалыгы жана өспүрүм кези жөнүндө маалымат аз. Адатта анын өмүр таржымалы мындайча айтылат: Атасы жакырланып кетип, ал окуусун көпкө уланта алган эмес. Уильям чоңойгондо туулган шаарынан качып кетүүгө аргасыз болот. Уламышка караганда аны помещик куугунтукка алган: "Уильям Шекспир" анын токоюндагы бугуларга аңчылык кылган жана помещикти өзүнүн ырларында тайманбай шылдыңга алган. Чындыгында ушундай болгону же болбогону белгисиз. Белгилүүсү - Шекспир жаш кезинен эле өтө оор турмушту башынан өткөргөн, акыры ал Лондонго келип, театрга туш болот, мүмкүн кокусунан болгондур, бирок ал театрды биротоло сүйүп калат. Театрда Шекспир кичине ролдорду ойнойт. Ал атактуу актёр болгон жок, бирок сахна сырын терең үйрөнөт. Бул болсо ал театрга пьеса жаза баштаганда чоң жардам берген, Шекспирдин драматург катары таланты ачылгандан кийинки турмушу бир калыпта, жалаң гана эмгек менен өткөн. Анын трагедиялары менен комедияларынын каармандары дүйнө жүзүн кыдырып, элди салгылаштарда шердентип, күрөштөрдө шыктанткан.

"Уильям Шекспир кыргызча" жазып жатып, Шекспир жашаган мезгил оор да, дүрбөлөңдүү да убак болгон. Англия согуш жүргүзүп, улам жаңы колонияларды басып алып жаткан. Окуя кайсыл гана өлкөдө, доордо өтпөсүн, бул жоболоңдуу мезгил улуу драматургдун бардык чыгармаларынан орун тапкан. Шекспирдин каармандары бардык эле адамдардай, анын замандаштарындай эле азап чегип, кубанышкан, толкунданышкан. Шекспир көптөгөн пьесаларды жазган. Алардын арасында эки үй-бүлөнүн жөнү жок жана ырайымсыздык менен касташуусунун курмандыгы болгон эки ашык тууралуу кайгылуу жана көркөм легенда «Ромео жана Жульетта» бар. Ал эми «Гамлет» трагедиясында жалгандык менен адилетсиздикке каршы тең эмес күрөштө курман болгон жаш жигиттин тарыхы айтылат. Шекспирдин бул жана башка көп пьесалары азыр да сахнадан түшпөй коюлуп, мурдагыдай эле адамды толкундатпай койбойт. Шекспирдин пьесаларын эл кызыга окуп, сахнадан көрүшөт жана андагы каармандардын мүнөздөрү жана тагдырлары жөнүндө талашып-тартышат. "Уильям Шекспир" ырларды - сонеттерди да көп жазган.

Алар татаал да, абдан кызыктуу да. Силер чоңоюп, анын ырларын жана пьесаларын окуп, театрдан чыгармалары боюнча коюлган спектаклдерди көрсөңөр, анын дүйнөдөгү улуу жазуучу, драматург экенине сөзсүз ынанасыңар.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4768, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу