Шаркыратма


Алыскы Африкадагы Замбези дарыясында табияттын нукура керемети - эң зор Виктория шаркыратмасы бар. Аны 1855-жылы атактуу англис саякатчысы Давид Ливингстон ачып, ага Англиянын королунун урматына ушундайча атаган. Бул шаркыратманын эни - 1800 м, бийиктиги - 120 м. Анын күркүрөгөн добушу 25 чакырым алыстыктан угулса, анын чачырандысы көбүктүү булут сымал болуп 40 чакырым жерден көрүнүп турат. Дарыя жогорудан төмөн карай кулап, жайылып, аскалардын жаракаларын аралай агат. Суунун чачырандыларында күн желеси кулпурат, шаркыратманын маңдайындагы кууш өрөөндүн капталынан аккан көптөгөн майда жылма сууларын, жогортон долулана аккан катуу агым өзү менен кошо агызып кетет. Жергиликтүү эл бул шаркыратманын Моси-оа-тунья - «күрүлдөгөн түтүн» деп аташат. Түндүк Американын Ниагара дарыясындагы Ниагара шаркыратмасы - суусунун молдугу боюнча дүйнөдөгү ири шаркыратма. Анын бийиктиги - 51 м. Окумуштуулар Ниагара шаркыратмасы 20 миңдей жылдын ичинде желип бүтөт деп болжолдошот. Ниагара дарыясы шаркыратманын кашатын улам жешилтип, омурулган чоң-чоң таштарды өзү менен кошо агызып кетет. Ниагара шаркыратмасынын кашаты жыл сайын болжол менен бир метрдей желип турат. Ал эми дүйнөдөгү эң бийик шаркыратма - Түштүк Америкадагы Чурун дарыясынын жогорку агымындагы Анхель шаркыратмасы.

Анын бийиктиги - 1054 м. Бул шаркыратмага аны 1935-жылы ачкан учкуч Анхельдин ысмы берилген. Шаркыратмасы эң көп өлкөлөрдүн бири - Норвегия. Ал түгүл аны шаркыратмалардын өлкөсү деп да аташат. Россиядагы Илья Муромец да эң ири шаркыратмалардан. Ал Итуруп аралында (Куриль аралдарында), бийиктиги - 141 м. Ал эми Алтайда бийиктиги 30 м келген Рассыпной шаркыратмасы, Кавказда 15 м бийиктиктеги Цея шаркыратмасы бар. Кыргызстандагы чоң Арстанбап шаркыратмасынын бийиктиги 200 м келет. Шаркыратмалар дайыма эле бир калыпта тура бербейт.

Алар бара-бара жоголот, бирок ал үчүн өтө көп жылдар керек. Суу менен кошо аккан майда шагыл жана чоң-чоң таштар аны эпкини күчтүү агымга айлантат, алар өтө катуу тоо тектерин да акырындык менен жеп отурат. Күрүлдөп түшүп турган шаркыратма бара-бара мелмилдеп жай аккан дарыяга айланышы да мүмкүн.

2016-05-22 1830 Бул ким, ал эмне Жыргалбекова С. 2016-05-22