Кыргызстанда тоюттун негизги булактары катары көп жылдык чөптөр саналат. Биздин республикада люцерна, эспарцет жана көп жылдык чөп өсүмдүктөрү (топтолушкан ак сокто же костёр, кылкансыз түбү бош же житняк ж. б.) бар. Алардан чөп, сенаж даярдашат жана ошондой эле көк кезинде да колдонушат. Булар мал үчүн эң арзан тоют катары бааланып, топурактын күрдүүлүгүн арттырууда, калыбына келтирүүдө эң мыкты каражат болуп эсептелет. Алардан алынган продукция жана уруктары биздин республикада кандай керек болсо, республиканын аймагынан сырткары да ошондой баага ээ. Тоют чөптөрүн өстүрүү эң пайдалуу иш. Анткени аны айдап-сепкен жылы гана чыгым болуп, ал эми чыккан чөптөрүн 3-5 жылга чейин пайдалана берсе болот. Көп жылдык чөптөрдүн ар бир түрүнүн өзүнүн негизги таралуучу зонасы болот. Бедени түндүктө 1200м бийиктикке чейинки ысык өрөөндөрдө жана республиканын түштүгүндө 1800м бийиктикте, эспарцетти-республиканын дээрлик баардык жерлеринде, ээн талаадан бийик тоолуу зоналарга чейин (700-3100м) айдашат. Чанактуу өсүмдүктөрдү кышкы суука люцерна жана эспарцет менен аралаш айдап себүү керек, чыдабаган бийик тоолуу өрөөндөрдө беде (люцерна) чанактуу өсүмдүктөрдөн республиканын төмөнкү зонасында алдыңкы орунду ээлейт. Жогорку түшүмдүүлүгү менен айырмаланат. Өсүмдүктүн узундугу 80-140 см. Түптөшүп өсөт, бир түбүндө 32-45 сабак,. Жалбырактуулугу 42%га чейин. Жылуулукту сүйгөн өсүмдүк. Кубаттуу тамыр системасы топуракка 8м чейин кирет, анын жардамы менен кургакчылыкты жакшы көтөрөт. Жазында жана чабыктан кийин тез эле өсүп чыгат, интенсивдүү чабыкка жана химиялык заттар менен иштеткенди жакшы көтөрөт. Сугарып турса 2-4 чабыкка чейин чапса болот.
Эспарцет. Чанактуу өсүмдүктөргө кирет. Өзгөчө шартты тандабайт, кургакчылыкка жана суукка туруктуу келет. Жогорку түшүмдүүлүгү менен айырмаланат. Өсүмдүктүн бою 120см чейин болот. Тамыр системасы өнүккөн, тамыры топуракка 10м ашык тарайт. Сугаты жакшы болсо 3 чабыкка чейин чаап алса болот. Азык заттуулугу боюнча бедеден кем калбайт, мал анын катуу сөңгөгүн да жей берет. Балдуулугу жакшы өсүмдүктөрдөн болуп эсептелет.
Оруп-жыюу жана сактоо. Түшүмдү оруп жыюуда чабык мезгилин тандап алуу эң маанилүү учур болуп саналат. Эрте чабылган чөптөрдө витамин жана белок көп болот, бирок мында жеткиликтүү тушум алынбай калат. Ал эми оруп-жыюуну создуктурса чөптүн көлөмү көп болот, а бирок чөп жапырылып жатып калгандыктан жана өсүмдүктүн эң азыктуу бөлүгү болгон жалбырактарын жоготуп койгондуктан анын сапаты начарлап калат. Сапаттуу тоют алуу үчүн чанактуу чөптөрдү гүлдөөр алдында - богок байлоо фазасында оруп-жыюу керек.
Сенаж. Кыргызсанда биринчи чабык жүргөн маалда жаан-чачын көп болгондуктан, сапаттуу чөп жыйноо дээрлик кыйын. Бирок мындай шартта деле сенаждоо жолу менен жакшы тоют даярдап алса болот. Сенаждоо - чөптөрдү 50-55%га чейин тоборсутуп кургатуу, муну чөптү сактоо мезгилинде нык болуп чирип, көгөрүп кетпей жакшы сакталышы үчүн жасашат. Натыйжада, фермерлер ыңгайлуу, бир аз кычкыл даамы бар, жагымдуу жемиш жыттуу сенажды аш болумдуулугу боюнча көк чөптөн да жакшы деп эсептешет. Сенаждын тутумунда кант, витаминдер жана минералдык заттар, клетчатка бар. Сенаждоодо аны даярдоо жана сактоо эрежелерин сөзсүз сактоону талап кылат, болбосо баардыгы текке кетет! Анын даярдоо жана сактоо технологиясынын мааниси эки шартты аткаруудан турат:
1.нымдуулукту 50-55%га чейин жок кылуу;
2.сактоо жана пайдалануу мезгилинде аба киргизбөө.
Сенажды даярдоо шарты:
-чөптөрдүн азыктуулугу жана түшүмдүүлүгү жогору деңгээлде турган убакта - оз маалында оруп-жыйноо;
-орулган чөптү 50-55%ке чейин тоборсутуп кургатуу. Чөптү мындай нымдуулук кезинде алуу үчүн орулган чөптү бир сутканын ичинде кургатып туруу керек;
-оруп чабылып, майдаланган массаны тезинен даярдалган чуңкурга жеткирүү;
-сутка бою тыгыз трамбовкалоо;
-герметизация - сактоо маалында аба киргизбөө;
Сенажды бетондолгон траншеяларга жайгаштыруу сунушталат. Сапаттуу сенаж алуунун негизги шарты күнү-түнү кылдат тыгыздап таптоо болуп саналат. Сенаждын массасынан абаны чыгаруу үчүн тракторлор же ат сүйрөгүчтөр пайдаланылат. Болбосо көк дат басып, сенаж ачып кетет да, жараксыз болуп калат. Сенажды даярдоо убактысы узакка созулбашы керек. Ошондуктан сенажды целофан капка (мешокко) даярдап сактоо фермерлер үчүн бүгүнкү күндө өтө ыңгайлуу жана экономикалык жактан пайдалуу. Фермердин жери өлчөлүү же анча көп эмес болгондуктан сенажды траншеяга сактоого мүмкүнчүлүгү аз. Ал эми мешокко сактоо ыкмасын баардык фермерлер колдонсо алар үчүн бул ыкма өтө ыңгайлуу болот. Биринчиден техникага болгон муктаждык азаят, экинчиден бул ыкма менен фермерлер үй-бүлөсү менен өз короосунда эле даярдоого мүмкүнчүлүк болот, үчүнчүдөн беде богок ала баштаган кезде чабылса кургоо мөөнөтү узагыраак болот ошондуктан тоборсутуп 50-55%ке чейин нымдуулукта кургатылып жасалат. Андан тышкары жакшы жыйып үстүнө чөп же саман үйүп койсо да болот. Мындай ыкма менен даярдалган тоюттагы азык заттар жоголушу мүмкүн деген коркунуч болбойт. Сакталуу мөөнөтү узак, наркы эки эсе төмөн.