Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Салмаксыздык

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Салмаксыздык

Таң каларлык кубулуштардын бири - салмаксыздык. Космос кемеси жерге жакын орбитага чыкканда бардык нерселер өзүнүн салмагын жоготот. Стаканды көмкөргөндө андагы суу төгүлбөйт. Эгерде аны силкип түшүрсө, суу шарга айланып абада калкып туруп калат. Кыймылдоо үчүн эч кандай күч жумшоонун кереги жок. Силер абадан калкып каласыңар. Космосто чабак балыктар түз сүзбөй, спираль боюнча улам кичирейген айлана сызыктар сыяктуу буралып сүзүп калышат. Бир нече суткадан кийин гана муруңку калыбында сүзө баштайт: Ал эми балыктын космосто пайда болгон чабактары бир жерди айланбастан жердегидей эле сүзүшөт.

Салмагын жоготуу менен өсүмдүктөр да, жаныбарлар да кыймыл багытын жана өйдө-төмөн жактарды сезүүсүн да жоготот. Америкалык орбиталык станция Скайлэбде жашаган жөргөмүштөр Анита жана Арабелла космосто өзүлөрүнүн желе токуу жөндөмүн такыр жоготуп коюшкан. Аны баш аламан токушкан, бир нече күндөн кийин гана алар өздөрүнүн көндүм болгон саймасынын үлгүсүн түшүрүшкөн. Эмне үчүн салмаксыздык пайда болот? Себеби космос кемеси жерди айланып учканда ал жердин тартылуусунан чыгып кетпейт. Кеме жерди айланып учканда поезд бурулганда пайда болгондой кубулуш болот. Инерция боюнча жүргүнчү бурулушка карама-каршы жакка кыйшаят.

Жерде инерциянын күчү жүргүнчүнү поезддин капталына кысат, ал эми космосто инерция күчү жердин тартылуу күчү менен теңделет. Мына ушул эки күчтүн теңделишинин натыйжасында салмаксыздык пайда болот. Бирок салмаксыздык жердин тартылуусунан чыкканда да, башка айтканда вакуум космосто да бар. Адамдар салмаксыздыкта өздөрүн ар кандай абалда сезишет. Кээ бирөө өзүн жакшы сезип, көңүлдүү, жеңил кармайт, ал эми башка бирөө өзүн начар сезип, төмөн карай кулап бараткандай болот. Адамдын организми да иштөөсүн өзгөртөт. Салмаксыз канды айландырууда жүрөккө күч аз келет. Кан башка чыгып киши башы менен ылдый карап калгандай сезилет.

Булчуңдар начарлап, сөөктүн көлөмү жана бекемдиги азаят. Космонавтика жерге кайра келгенде анын шартына кайрадан көнүгүү да кыйын болот. Кишинин организми салмаксыздыкта канчалык өзгөрөт? Бул космонавтпиканын өнүгүшү үчүн өзгөчө манилүү маселе. Окумуштуулар салмаксыздыктын зыяндуу таасири менен күрөш жүргүзүүдө. Космос кемелеринде жана орбиталык станцияларда чуркоочу жайлар бар. Анда космонавттар булчундарын машыктырышат. Космонавттарга басым жасоочу кийимдер кийгизилет. Салмаксыздыктын пайдалуу жана зыяндуу жактары али изилденүүдө.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1209, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу