Деңиз деңгээлинен үч миң метр бийиктиктеги Көгарт ашуусунун этегинде, бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон Саймалы-Таш эстелиги жайгашкан. Уникалдуу сүрөт-галереясын карап отургандар анын жаратуучулук ишмердигине чек жок экенине ынанат. Ачык асман алдындагы таш китептерде эстеликти жаратуучулар миңдеген жылдар бою өз доорунун өңүтүнөн турмушка, жаратылышка болгон түшүнүктөрүн мамилесин чагылдырышкан. Таштардын бетинде тоо эчки, аркар, бугу, жылкы, төө, бука, илбирс, карышкыр, доңуз, түлкү, ит, жылан, ошондой эле адамдын тоо эчкини атып жатканы, жер айдоо, күнгө сыйынуу, аңчылык сценаларын чагылдырган жүз миңден ашык сүрөттөр тартылган. Андагы сүрөттөрдүн мазмунунан, бул жер ыйык жер катары эсептелип калганын да түшүнүүгө болот. Адамдар Саймалы ташка атайын барышып, курмандыкка мал союшкан, ырым-жырым өткөзүп, оорулардан айыгуу ишеними менен сыйынышкан, өзүлөрүнүн ой-тилегин, өтүнүчүн билдиришкен. Саймалы ташта бугулардын сүрөттөрү айрыкча кооз, көркөмдүк менен тартылган.
Бугунун образы менен кыргыздардын байыркы легендалары, уруулардын аттары байланышканын билебиз. Улуу жазуучубуз Ч. Айтматовдун Ак кеме повестиндеги Мүйүздүү Бугу-Эне жөнүндөгү легендада, Енисейдеги кыргыз уруусун душмандар талкалап, алардан аман калган бир бала менен бир кызды адамча сүйлөгөн Бугу-Эне сактап калып, Алатоого, Ысык көл жээгине алып келгендиги баяндалат. Алардан тараган тукумдар өзүлөрүн Бугу-Эненин балдарыбыз, бугу уруусунанбыз деп атап калышкан экен. Саймалы таш - байыркы ата-бабаларыбыздан калган ажайып маданий, рухий байлыгыбыз. Дүйнөнүн башка бөлүктөрүнөн кездешпеген мындай сүрөт музей галереясы бүгүнкү күндө окумуштуулардын, археологдордун зор кызыгуусун жаратууда.