Саймалуу таш


Бабалардын келерки муундарга калтырган тарых жана маданий мурасынын бири Тогуз-Торо аймагындагы Саймалуу-Таш деген байыркы жазма эстелиги. Теңир-Тоо кыркаларында деңиз деңгээлинен үч миң метр бийиктикте Көгарт деген ашуу бар. Кышында жол жабылат, бурганак уруп, ашууну кар басып, муз тоңот. Жайкысын жол ачылганда ат, топоз менен эл жайлоого чыгат. Ал эми Саймалуу-Таш жолдон обочодо, көздөн далдоо, буйта жерде. Эл атайы камынып, унаа менен эстеликти көрүүгө келишет. Окумуштуулардын аныктоосунда Саймалуу-Таш аскасындагы чегилген оймо-чийме сүрөттөр биздин заманга чейинки доордо эле, коло доорунда пайда болгон. Бабаларыбыздын адепки өнөрү, ташка түшүргөн галереясы байыркы доордогу үмүттөрүн, уруулардын ой-тилеги, аң-сезими жана табиятка, сулуулукка болгон мамилесин көрсөтүп турат. Элибиздин коомдук өсүшүнөн, социалдык-экономикалык жана рухий турмушунан, көркөмдүк өнөрүнүн башатынан, дүйнөгө, динге карата көз карашынан, маданиятынан кабар берет. Кыргыздар сайма деп көркөм өнөрчүлүктүн, узчулуктун эң жогорку чебер түрүн атаган. Сайманы кыргыз аялдары териге, кездемеге, жибекке түрлөнтүп, кооздоп сайышкан, улам кийинки шакирттерине үйрөтүп келишкен.

Калың эл ташка сайма сайбасын билишсе да өрөөндөгү чегилген ажайып сулуулукту көрүшкөн, өнөрдүн баалуулугуна баа беришкен, кейпинде Саймалуу-Таш деп жерге атты кийинчерээк коюшса керек. Биринчи жолу тоо койнундагы Саймалуу-Ташка кабылып, эзелки маданиятты өз көзү менен көргөн адам ушунча жүз миңдеген таш бетиндеги сүрөткө таң калышы ыктымал: эмне үчүн, кимдер чегип, кандай мээнет кылган жана ташка кандай куралды пайдаланган деген суроо келет. Саймалуу-Ташка жайкысын түнөгөн адам түнкүсүндө аскалар арасынан ар кандай сырдуу добуштарды, сыйкырдуу жарылууларды, кагылышууларды угат имиш. Бул аномалияны кээ бир атеист окумуштуулар кечке күнгө аябай ысыган базальт таштар түнкү суукта жарылат деп айтышат. Ал эми сырдуу дүйнөгө кызыккан адамдар болсо, бабалардын касиети, руху ойгонуп атат дешет. Саймалуу-Таш тоосундагы чачылып жаткан нечен миңдеген сүрөттөр (петроглифтер) он гектар жерди ээлейт. Кадам сайын жылмакай таштардын апай беттеринен түркүн сүрөттөрдү, эстеликтерди көрүүгө болот: адам, тоо эчки, теке, аркар, бугу, ат, бука, илбирс, карышкыр, доңуз, түлкү, ит, жыландын сөлөкөттөрү. Коло доорундагы Саймалуу-Таш оймо-чиймесинде тематикалык сүрөттөр да арбын жолугат. Алардын эң көрүнүктүүлөрү: адамдын тоо эчкиге жаа менен аңчылыгы, бийлеп жана күрөшүп жаткан адамдар, өгүз чегилген буурсун менен жер айдоо, кайсы бир таштарда жоокерлердин арабасы тартылган, кейпинде жылкы жаныбарлардын пайдасын, жоокерлердин эрдигин даңазалоо болсо керек.

[ushka=seredina]

Кээ бир таш беттеринде Күндүн сүрөтү чегилген. Күндү кармаган, Күндү кийген адамдар. Скифсак аңызында (мифтеринде) падышанын бийлиги - Күн кудайынын жиберген ырысыкы деп айтылган. Сактар Күн кудайына сыйынышкан, ал эми падышаны Жердин кудайы дешкен. Ошондуктан сактардын падышалары күндүн нурун элестеткендей, алтын менен кооздолуп жасалгаланган кийимдерди кийишкен.

Саймалуу-Ташта адам күндү элестеткен сүрөттөр да бар. Саймалуу-Ташта кош өгүз чегилген сокону кармаган адамды көргөндө коло доорунда эле байыркы уруулар жер айдоону, эгин эккенди билгенине ынанасың. Айбанаттардан, үй жаныбарларынан башка сүрөттөрдүн ичинде жыландарга окшогон, чагылгандай ойсоңдогон издер кетет, муну окумуштуулар Тоонун жолу же кыргыз уздарынын тили менен айтканда кыял деп коюшат. Ушул кезге чейин кыргыз уздары кыял деген оюмун саймага, шырдакка, килемге, ал эми усталары ат жабдыктарга, кемерге, кылычтарга, жыгачтарга түшүрүп келишкен. Саймалуу-Таштагы сүрөттөрдү кыргыздардын алгачкы жазуусунун, эн тамгаларынын, улуттук оймо-чиймелеринин, кол өнөрчүлөрүнүн байыркы башаты дегенге ылайыктуу жана ар түрдүү доордогу эмгектердин үзүрү. Байыркы бабалардын Саймалуу-Таш, Энесайдагы аскалардагы сызуу-чиймелериндеги эн тамгаларда жана руна сымал жазмаларында христиандардын крест белгисин (кыргызча жагалмай тамга) да жолуктурууга болот. Байыркы көчмөндөрдүн, анын ичинде кыргыз урууларынын эн тамгалары кийинки доордо кандайча батыштагылардын ыйык белгиси, символу болуп калгандыгы табышмак.

Саймалуу-Таштагы сүрөттөрдүн усулу, окуясы жана кынапталышы ар түркүн. Мына жеке же тобу менен турган, же үрккөн жапайы айбанаттар, үй жаныбарлары (айбанаттардын стили), аңчылык, бийлеген бакшылар, араба айдап, топоз минип бараткандар, сыйкырдуу сүрөттөр, Күндүн элеси, каймана (символдук) белгилер, үй оокаттары ж. б. толгон нерселерди таба аласың. Байыркы тектеш жашаган бабаларыбыз - алгачкы сүрөтчү чеберлер негизги ойду адамдардын тегерегине байлаган, анын турмушун, чөйрөсүн, салтын, сыйынган сыйкырдуу дүйнөсүн чагылдырган. Мындайча айтканда, Саймалуу-Таш - тоодо мал менен жашап өткөн бабалардын сүрөт менен ташка жазып калтырган маданияты. Саймалуу-Таш бир эле кылымдын же, бир эле уруунун эмгеги эмес. Саймалуу-Ташка окшош сүрөттөр, сюжеттер, бакшы элестери Орто Азияда, Минусинскиде (Миң Суу), Энесайда, Алтайда, Тувада, Монголияда да табылган. Бул сак, үйсүн, хун, түрк, кыргыздардын байыркы түп маданиятын далилдеп турат. Көчмөн уруулардын сүрөт доору алардын күнүмдүк жашоосуна, чарбасына, маданиятына чоң өзгөрүүлөрдү, таасирлерди тийгизген. Биздин заманга чейинки биринчи миң жылдыкта жана биздин замандын алгачкы кылымдарында жашаган скиф-сак этностору, алардын урууларынын кубаттуу биримдиги, алгачкы мамлекети жөнүндө байыркы перси, грек, кытай тарыхчылары, саякатчылары жазып калтырган.

Айрым окумуштуулар бийик тоодогу ыйык жай индо-ирандык кудайларга, Ноорузду тосууга жана байыркы кудайларга, пир, пайгамбарларга сыйынган жер болгон деген божомолду айтышат. Саймалуу-Таш эстелиги окумуштуу археолог А. Н. Бернштамдын божомолунда б. з.ч. 21-жылдарда пайда болгон дегени биротоло тактала элек. Андагы сүрөттөр 120 миңге жетет. Саймалуу-Таш жөнүндө маалымат илимпоздор дүйнөсүнө XX кылымдын эң башында тараган. Мындай сүрөттөрдүн галереясы дүйнөнүн башка жерлеринде кездеше элек. Ачык асман алдындагы Саймалуу-Таш ибадатканасын азыр кыргыз окумуштуулары дүйнөлүк илимпоздор менен биргелешип изилдөө, аны коргоо жөнүндө маселелерди көтөрүп жатышат. Саймалуу-Таш жөнүндө даректүү фильмдер, буклеттер, альбомдор жана китептер чыгарылууда.

2016-05-20 5128 Кыргызстандын тарыхы Жыргалбекова С. 2018-05-17