Күндөрдүн биринде Нева дарыясынын жээгинен жаш сүрөтчү Илья Репин баржаны суунун агымына каршы аябай кыйналып тартып сүйрөп бараткан адамдарды көрдү. Бурлактардын оор тагдыры анын зээнин кейитти. Бул тууралуу картина тартууну ой кылды. Сүрөтчү өзү да элден чыккан, ошондуктан эмгек жана жакырчылык эмне экенин жакшы билчү. Репин Волгага барып арканга чегилген бурлактарды кайра-кайра карайт, алар менен от жакалай маектешип олтурат. Бул адамдардын ар биринин кулк-мүнөзүн аңдап билүү максатында ондогон сүрөттөрдү тартат. Ошентип адамды тан калтырган Волгадагы бурлактар деген атактуу картинасы жаралды.
Эң алдыда чарчы бойлуу чымыр башчы, анын катарында кең далы, алп денелүү, чачтары саксайган жүдөө бурлак келе жатат. Өмүрү азап-тозоктон арылбагандай көрүнгөн жаш бурлак арканды күчүнүн бардыгынча тартып келет. Ачтан өлбөс үчүн оор жумушту иштөөгө мажбур болгон, жашоого кайдыгер чал эптеп тартымыш болот. Канжасын оозуна тиштеген бурлак күчүн үнөмдөп, арканды тартымыш болуп келе жатат. Сүрөтчүнүн сүймөнчүлүгү болгон бала эки жагын кусалана карайт, аркандан бошонуп, эркиндикке чыккысы келгенсийт...
Репин картинасында адамдардын кайраттуу, шайыр мүнөзүн бере алган. Анын Запорожьеликтер түрк султанына кат жазууда деген картинасын ким билбейт! Ар кыл кулк-мүнөздөгү, бирок адаттан тыш дуулдаган адамдар катуу ынтызардык, шайкелеңдик менен куйкум сөздөрдү тандап кат жазып жатышат. Бул жерде Репиндин боёкторунан шаттык чачырап жаткансыйт. Картина дүйнөлүк живопистеги өтө шаттуу көрүнүштү чагылдырган чыгарма десек жаңылбайбыз.
Репиндин кыл калеминен жаралган портреттер анын түркүн тагдырлуу, кайталангыс мүнөздөгү замандаштарына өчпөс өмүр тартуулады. Орустун мыкты сүрөтчүсүнүн картиналары Москвадагы Третьяков галереясында, Санкт-Петербург орус музейинде жана башка музейлерде этияттык менен сакталып, муундан муунга аздектелүүдө.