Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Реактивдүү кыймылдаткыч

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Реактивдүү кыймылдаткыч

Муздун үстүнө конькичен тургула да эки колунарга кыш алып, анан аларды артка бирден ыргыткыла. Бирөө түртүп жибергендей алдыга жылып кетесиңер. Колуңардагы кыш канчалык оор болуп, аны катуу ыргыта алсанар, ошончолук алыс жыласыңар. Реактивдуу учак ушинтип учат. Ал артынан ысык газды чыгарганда алга карай катуу түртүлүп, реакция пайда болот. Ракета, учак же жарышуучу автомобилдер да ушундай иштейт. Бул газдар кайдан чыгат? Алар кыймылдаткычтын камерасындагы май күйгөндө пайда болот.

Мындан миң жылча мурда дүрмөттүү кыймылдаткычтарды ойлоп табышкан. Аларды азыр катуу отундуулар деп аташат. Дүрмөт - бул көмүр, күкүрт жана селитранын аралашмасы, ал эми селитрада күйдүргүч кислород болот. Мындай кыймылдаткычтар аскердик жана белги берүүчү ракеталарга орнотулган. Аны азыр да согуш ракеталарына колдонушат, бирок дүрмөттүн курамы башкачараак. Элүү жыл мурда окумуштуулар камерасына күйүүчү май жана кычкылданткыч куюлуп туруучу кыймылдаткычтарды ойлоп чыгарышкан.

Бул кыймылдаткычтар азыр ракеталарды космоско учуруп чыгат. Учактар үчүн реактивдүү аба кыймылдаткычтарды ойлоп табышты: абада кычкылтек көп эмеспи. Учактын кыймылдаткычы абаны сорот, аба күйүү камерасында керосин буусу менен аралашат. Бул аралашма күйүп, реактивдүү кыймылдаткыч учакты саатына 3500 чакырым ылдамдыкта учуруп жөнөйт. Истребитель-учакт саатына жок эле дегенде 1000 чакырым ылдамдыкта учуш үчүн кубаты 13 мин аттын күчүнө барабар кыймылдаткыч керек. Муруңку учактардагы эски, поршендүү кыймылдаткыч мындай кубатка ээ болуш үчүн салмагы бир нече тоннага жетип, самолётко батмак эмес. Ал эми кубаттуулугу ушундай эле реактивдүү кыймылдаткыч андан эки-үч эсе кичине.

Аны фюзеляжга, канатка жайгаштырып, сыртынан учтуу түркүккө илип койсо болот. Поршендүү кыймылдаткыч бийиктикте начар иштейт, ал эми реактивдүү кыймылдаткыч учак бийиктеген сайын иштөөсү күчөйт. Ошентип, реактивдүү кыймылдаткычтардын жардамы менен учак өтө бийик уча баштады.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1559, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо