Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Пржевальский Николай Михайлович (1839-1888)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Пржевальский Николай Михайлович (1839-1888)

Пржевальский көп жыл офицер катары кызмат кылган, бирок бала кезинен эле саякатчы болууну эңсеген. Ал бир нече жолу ошол кезде али изилдене элек Африкага барууга камданган, мындай экспедиция үчүн каражат таба алган эмес. Ошентсе да Пржевальский зор ынтаа менен Ыраакы Чыгышты изилдеген. Ал эми 1870-жылы ал бир нече шериги менен Моңголия, Кытайга жөнөгөн. Асман тиреген тоолор, какыраган чөлдөр, аягы кумга сиңип жоголгон дарыялар, шыбыргактаган кар бороондору, 50 градуска жеткен ысык аптап - мына ушулардын баарын бул адам өзүнүн максатынан тайбаган кажыбас кайраты, эрктүүлүгү менен жеңип чыккан. Борбордук Азиянын адамдын буту тие элек мейкиндерин Пржевальский атчан жана жөө аралап, 33 миң чакырымдан ашуун жол баскан.

Ал ошол кезге чейин изилденбеген ондогон тоо кыркаларын сүрөттөп жазган. Ага чейин бул чоң тоо кыркалары кайсы тарапты көздөй созулуп жаткандыгын эч ким билген эмес. Пржевальский Азиядагы зор чөлдөргө, анын ичинде табышмактуу Гоби аймагына биринчи болуп илимий мүнөздөмө берген. Ал Кытайдагы эң ири дарыялар - Янцзы жана Хуанхэ башталган жерлерге барган, Борбордук Азиядагы эң чоң Тарим дарыясын сүрөттөп жазган. Мына ушулардан кийин гана Борбордук Азиянын анык картасы түзүлгөн. Ал Азиядагы элдердин үрп-адаттарын, аба ырайынын өзгөчөлүктөрүн кунт коюп байкаган. Пржевальский өз экспедицияларында чогулткан коллекцияларды илимпоздор жылдап изилдешкен. Пржевальскийдин изилдөөлөрүнө чейин Борбордук Азиянын өсүмдүктөрү менен жаныбарлары тууралуу маалыматтар өтө аз жана чар-жайыт болгон. Пржевальский жыйнаган гербарий 15 миңден ашуун өсүмдүктү камтыган.

Анын 218 түрү ошол кезде илимде такыр белгисиз болгон. Пржевальский ошол кездеги бир да илимий эмгекте айтылбаган ондогон жаныбар түрлөрүн, анын ичинде жапайы жылкыны биринчи сүрөттөп жазган. Ал азыр Пржевальский жылкысы деп аталат. Азиянын изилдеген саякатчы Николай Михайлович Пржевальскийдин иш-аракети орус география илимине дүйнөлүк атак алып келген. Ал өзүнүн акыркы саякатында, Ысык көлдун жээгинде каза болгон. Азыр ал жерде анын эстелиги, музейи бар.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3753, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу