Пржевалдын (Караколдун) бактары — ыр, музыкалык чыгарма

Пржевалдын (Караколдун) бактары — ыр, музыкалык чыгарма. Сөзү Ж. Апазов, обону А. Коробаев. Каракол жөнүндө ырларга таандык болушу мүмкүн.

Тизип койгон жашыл шуру саптары,
Бугу мүйүз булбулга бай шактары.
Кыз-жигиттин кыялынан бүткөндөй,
Кымбатым сен Пржевалдын бактары.

Көчө бойлоп көлөкөлөп көп өтөм,
Жүрөгүмдү көрктүүлүккө бөлөтөм.
Ак көйнөкчөн селки экен деп кайыңды,
Ак сүйүүмдү жүрөгүмө түнөтөм.

Шыбырашкан селки-уланга теңеп көр,
Шынаарлашат шынга бойлуу теректер.
Канча сырды бутагына жашырып,
Канча ырдын кайруусуна себепкер.

Тизип койгон жашыл шуру саптары,
Бугу мүйүз булбулга жаш шактары.
Кыз-жигиттин кыялынан бүткөндөй,
Кымбатым сен Пржевалдын бактары.

Дагы караңыз

Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо