Силер азыр каалагандай кыялга батып, жакын арада болбосо да эртеби-кечпи бүт кыялым ишке ашат деп айта алгандай өлкөдө жашап жатканыңарга кубангыла! - деп жазган сөз чебери, кайталангыс талант ээси жазуучу Михаил Михайлович Пришвин. Анын чыгармаларынан өз өмүрүн башкалардын бактысы үчүн арнаган адамдарды урматтап сүйгөндүк сезилет. Пришвин 1873-жылы Орёл губерниясындагы Елец шаарына жакын жерде төрөлгөн. Кантип жазуучу болгондугу жөнүндө Пришвин Кашей чынжыры деген автобиографиялык романында айтат. Энеси беш баласы менен жесир калат. Миша энесинин аларды чоңойтуп, окутам деп кыйналганын, дыйкандардын жакырчылыгын көрүп, билип зээни кейийт, адамдын баары жамандык өкүм сүргөн дүйнөдө - бешик энесинин жомогундагы өлбөс Кащейдин туткунунда турбайбы деген ойго келет.
Ал эми бала болсо бул чынжырды талкалашы керек. Романдан биз бул кыялкеч баланын каардуу Кащейге карты өзү үчүн эмес, дүйнөдөгү бардык жан-жаныбарлар үчүн жүргүзгөн күрөшү жылдан жылга кантип күч алгандыгын билебиз. Гимназиянын биринчи классында окуп жүргөндө ал Кащейдин бийлиги жете элек жерди табуу максатында, өзү үчүн жомоктогудай сезилген алтын өлкө Азияга качат. Аны кармап, уяткарып үйүнө алып келишет. Эки жыл өтөт. Бала мугалими менен тил табыша албай гимназиядан чыгарылат.
Өспүрүм кезинде революциялык жаштарга кошулат. Бир жыл түрмөдө отуруп, чет өлкөгө айдалат. Германиядагы Лейпциг университетин бүтүргөн жаш агроном мекенине кайтып келет. Агрономия боюнча китептерди жазат. Бирок ал өзүнүн дили илимге тартылбасын барган сайын даана сезе баштайт. Ал өз тагдырын чукул өзгөртүп жазуучу болуп кетет, искусствого кызыгат.
Жол баштыгын, мылтыгын алып али изилдене элек түндүк токойлорун, бала кезинен эңсеген Азия талааларын кыдырат. Көп өтпөй анын алгачкы көркөм адабий чыгармалары: Чочубас куштар жашаган жерде, Сыйкырдуу көмөч соңунда, Кара араб жазылат. Алар табиятты сүйүүгө каныккан, окурмандарга аны терең билүүгө жардам берет. Пришвиндин табият жөнүндөгү аңгемелери эл арасына кеңири тарады. Алар элдик баян, тил үлгүлөрү катары классикага кошулду. Жазуучунун тандалмалары, чыгармалар жыйнактары басылып чыккан. Бирок, жыл сайын эрте жаздан кеч күзгө чейин ал токой, талааларда жашап, аңгеме, романдарды жазган, табият жөнүндөгү байкоолорун күнүгө кыскача жазып жүргөн.
Мындай жазмалар көп учурда кара сөз түрүндөгү ырга окшойт - алар ыргактуу жана элестүү жазылган. Силер аларды Табият календары, Токойдогу тамчы, Жердин кареги, Бото көз гүл деген китептеринен, балдар үчүн жазылган Алтын шалбаа жана Жаш досторума деген китептеринен окуй аласыңар. Өмүрүнүн акыр жагында Михаил Михайлович Россиянын ортонку тилкесин өзгөчө жактырып, Звенигород шаарынын жанындагы Дунино кыштагына көчүп келет. Жазуучу дүйнөдөн кайткандан кийин анын бул жердеги үйү музейге айландырылган.