Океан мейкини кең. Бирок кемелер жолдон адашпай, порттон портко кыска жолдор менен келишет. Кемелер жүргүнчүлөрдү, көмүр, банан, руда, эгин, нефть, кант, машина, жыгач жана башка толгон-токой жүктөрдү ташыйт. Ушунун баарын тиешелүү жерине тез жеткирип, тез түшүрүү зарыл. Андан кийин күйүүчү май, азык-түлүк, тузсуз суу камдап, жаңы жүк жүктөп кайрадан сапарга чыгуу керек. Порт - токтоого ыңгайлуу да, коопсуз да жай. Адатта ал терең булун-буйткада же дарыянын чатында жайгашат. Толкундан сактоочу табигый калканычы жок портто таш, топурак жалдарды - толкун тоскучтарды курушат. Порт - жүргүнчүлөр үчүн деңиз же дарыя вокзалы. Порттогу кеме токтоочу жайларда кемелерге жүк жүктөлөт, түшүрүлөт. Портто 100-500 тонна жүктөрдү көтөрүүчү кубаттуу көтөргүч крандар иштейт.
Кемедеги жүк бир нече саатта эле түшүрүлөт. Ал эми нефть ташыгыч кемени күчтүү насостордун жардамы менен 10-12 саатта толтурууга болот. Порттун дээрлик бардык аймагын складдар менен жолдор ээлейт. Портту рельстер жөргөмүш желесиндей тордогон. Алар аркылуу темир жол вагондору складдарга жана кеме токтоочу жайларга келет. Порт - шоссе жолдордун түйүнү.
Жүк ташыгыч машиналар анын капкасынан чыгып, туш тарапка зымырайт. Порт - кеме оңдоочу завод, мында кубаттуу кеме машиналары жана суу шилөөчү зор винттер оңдолот, кемелердин корпустары бүтөлүп, компастар, кеме радиостанциялары жөнгө салынат. Эң чоң кемени да бул жерде суудан чыгарып, сууга чөкчү бөлүгүн балыр жана раковиналардан тазалоого, оңдоп боёого болот. Акырында, порт - кеменин үйү. Ар бир кеме кандайдыр бир портко катталган. Кеме кайсы деңизде, кайсы океан да сүзүп жүрбөсүн, портто анын маршрутун дайыма билип турушат.