Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Попов Александр Степанович (1859-1906)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Попов Александр Степанович (1859-1906)

Мындан жүз жыл мурун Уралдагы Турьинские Рудники деген завод посёлкасында Саша Попов аттуу бала жашаган. Ал техникага өтө кызыккан, жыгач усталыкты үйрөнүп, машиналардын моделин, кичинекей насосторду, суу тегирмендерди жасаган. Александр Попов техникага бүт өмүрүн арнады. Студент кезинде ал электр монтёру болуп иштеген. Физика илиминин профессору болгондон кийин слесарь, токарь, айнек үйлөө кесибин өздөштүрүп, ошол мезгилдеги илимий журналдарда сүрөттөлгөн тажрыйбаларды кайталоо үчүн физикалык аркыл приборлорду өзү эле жасаган. 1888-жылы А. С. Попов немец окумуштуусу Генрих Герцтин электр күчүнүн нурлары жөнүндө деген макаласын окуйт. Герц электр учкундарынан көзгө көрүнбөгөн нурлар тарайт деп билдирген (аларды биз азыр радиотолкундар деп атайбыз). Өзгөчө прибор - резонатор аларды бир нече метр аралыктан кабыл алган. Электр учкуну пайда болору менен резонатордо да учкун чыккан.

Попов Герцтин тажрыйбасын кайталап көрдү. Бирок резонатордон кичинекей алсыз учкун чыкты. Аны үйдөгү жарыкты өчүрүп, чоңойткон айнек менен карап көрүүгө туура келди. Попов Герцтин резонаторун жакшыртууну чечти. Бул үчүн ал бир нече жыл иштеди.

Бул кезде деңиз офицерлерине электр-техникадан сабак берчү. Күн сайын кечинде досу, шакирти Пётр Николаевич Рыбкин экөө лабораторияда олтурчу. Алар жүздөгөн ар кыл резонаторлорду жасашты. Акыры электр коңгуроолуу прибор жасалды. Жакын аралыкта кандайдыр бир электр учкуну пайда болгон сайын ал катуу шыңгырачу. Ал эми чагылганды бул прибор 30 чакырым аралыктан сезчү.

Ошондуктан Попов приборун добул кабылдагыч деп атаган. Радиокабылдагыч деген сөз ал кезде жок эле. 1895-жылы 7-майда орус физика-химия коомунун кеңешмесинде приборду иштетип көрсөттү. Көрүп отургандарды таң калтырып, радиокабылдагыч дүйнөдө биринчи жолу зымсыз берилген телеграмманы кабыл алды. Кабарды ал телеграф алиппесиндеги чекит, сызыкчаларды коңгуроосу менен шыңгыратып билдирүү аркылуу кабылдады. Ушул күн радио жаралган күн болуп калды. Бир жылдан кийин Попов кабылдагычты жакшыртып, телеграмманы зымсыз 600 м аралыкка жеткирди, дагы эки жылдан кийин бул аралыкты 11 чакырымга, анан 45 чакырымга узартты. 1899-1900-жылдардын кышында Балтика деңизиндеги Гогланд аралында Генерал-адмирал Апраксин броненосеци кыйроого учурады. Адамдарды куткаруу боюнча иш-аракеттерде А. С. Поповдун радиобайланыш приборлору жардамга келди.

Бул орус окумуштуусу Попов жана анын шакирттери түзгөн жаңы байланыш каражатынын алгачкы чоң жеңиши болду.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4203, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо