Пилдер Африка менен Түштүк-Чыгыш Азияда гана эркин жашайт. Булар африка жана инди пили болуп эки түргө бөлүнөт. Алар бири-бирине өтө окшош. Болгону африка пилинин кулагы булгаары желпигичтей калдайып чоң, инди пилиники кичирээк. Башка айырмачылыктары да бар, бирок көзгө басар айырмачылыгы ушул. Пилдин денеси өтө зор, жону бир аз дөмпөйүп турат. Буттары мамыдай жоон, дөң маңдайлуу, башында кичинекей көздөрү жылтырап, чоң кулактары далдаят, ууртунан эки чон азуусу чыгып турат. Африка пилдеринин азуусунун узундугу эки жарым метрге чейин жетет. Бул кол салууга жана коргонууга жарактуу айбаттуу курал. Бирок абдан кызыктуусу - пилдин узун тумшугу (мурду).
Бөлөк бир да жаныбардыкы мындай эмес. Пилдин тумшугу анын мурду менен өйдөңкү эрининен өсүп чыккан. Анын эки таноосу бар, тумшугунун астында оозу жана үч бурчтуу астыңкы эрини жайгашкан. Пил тумшугу менен жердеги чөптү же бийик дарактын бутагын үзүп жейт. Бул зор жаныбар чөп жана жалбырак менен тамактанат. Пил суусаганда тумшугу менен сууну соруп алып, кайра оозуна куят.
Өтө үп болуп ысылап кеткенде тумшугун шланг сыяктантып, өз денесине суу чачыратат. Денесин кургатуу жана жабышкак кенеден сактануу максатында өзүнө тумшугу менен кум да чачат. Пилдин кичинекей баласы энесинин куйругун тумшугу менен кармап алып жүрөт. Анын боюнун бийиктиги кичине автобустай келет. Ал тентектик кылса атасы же энеси тумшугу менен жазалап да коюшат.
Эгерде пил тузакка чалынып же аңга түшүп калса, калган пилдер аны тумшуктары менен чыгарып алууга аракет кылышат. Тумшугу болбосо пилге жашоо кыйын, азык жешке да, суу ичүүгө да мүмкүн эмес. Ошентсе да Африка саванналарынан тумшугу жок майып пилдерди көрүшкөн. Жарааты кап-качан эле айыккан, ал эми пил жашап жүрөт. Демек, аны жолдоштору тамак берип баккан.
Пилдер мына ушундайча бири-бирине жардамга тумшук сунушат! Алар жараланган же ылаңдаган жолдошун эки жагынан этияттап жөлөп-таяп алып кетишет. Энесинен адашкан кичинекей пилди эч убакта жалгыз таштабайт. Пилдер топтошуп, үйүр-үйүр болуп карт пилдин башкаруусунда жашайт. Булар кээде салгылаштарда такшалган эркек пил болсо, кээде карыган акылдуу ургаачы пил болушу мүмкүн.
Пилдер душманын сезгенде тумшугун көтөрүп, үн сала баштайт. Адатта алар алыстап кетүүгө тырышат. Азыр эле жакын жерде турган бир үйүр пил заматта эле жер соргондой жок болот. Алар дабышсыз, шырп алдырбай түнт токойго житип кете алышат. Бул зор, күчтүү жаныбардын азуусу үчүн көп сандап кырып турушкан. Пилдин сөөгүнөн кымбат майда-чүйдө буюмдарды - кутучаларды, кооз-асем буюмдарын жасашкан.
Азыр пилдерге анчылык кылууга тыюу салынган. Африканын коруктары менен улуттук парктарында пилдер көп. Бул жердерде аларды сүрөткө тартып алууга болот. Бирок муну этияттап, абайлап жасоо керек, пилди кыжырлантууга болбойт, ал ачуусу келгенде өтө коркунучтуу. Пил адамды тебелеп же тумшугу менен уруп өлтүрүп салмак түгүл, машинаны да опоңой оодарып, бырыштырып салат. Байыркы заманда Персия менен Карфаген аскерлери жоокер пилдерди бекеринен колдонду дейсинерби? Денесин темир менен каптап, азууларына темир уч кийгизип коё бергенде алар жолундагылардын баарын кыйратып, жер солкулдата салгылашка аралашкан. Индияда пилдерди илгертен эле үй жаныбары катары иштетишкен.
Алар таң каларлыктай акылдуу, зирек. Пил чыгырыкты айлантып, кудуктан суу ала алат. Ал эми пилдин бала бакканычы! Кээ бир инди үй-бүлөлөрүндө бала баккыч пил бул баланын атасын да баккан, кийин анын балдарын, неберелерин да багышы мүмкүн. Анткени пилдер узак - 70-80 жыл жашайт. Бирок пил 20 жылда араң жетилет. Пилдерди машыктыруу оңой, алар циркте жакшы ойнойт.