Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Перспектива

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Перспектива

Перспектива деген сөз аркылуу биз тартылган сүрөттөгү мейкиндиктин тереңдигин түшүнөбүз. Эгерде кагаздын тегиздигин мейкиндик деп элестете билсеңер, анда силерге сүрөт тартуу кыйла жеңилирээк болот. Аны аткаруу оңой эмес, бирок силер буга акырындык менен үйрөнөсүңөр. Сүрөттө тереңдикти кандай сүрөттөө керек? Муну чечүүгө аракеттенели.

Перспектива

Столдун үстүнө кандайдыр бир кутучаны койгула жана аны ар тараптан карагыла. Кутучанын ар түрдүү болуп көрүнгөнү аны силердин кайсы жерден караганыңарга жараша болот. Үстүнөн караганда, анын үстүнкү бети тик бурчтук формасында көрүнөт, бир аз ылдыйыраак, капталынан караганда каптал жактары көрүнөт. Анда кутучанын үстүнкү бөлүгүн караганда чындыгында тик бурчтук формасында болгонуна карабастан ал таптакыр башка формада көрүнөт.

Демек, кайсы жерден караганыбызга жараша ар кандай нерселерди биз ар башкача көрөбүз. Бирок биз сүрөттөрдө нерселердин чындыгында кандай экендигин сүрөттөбөстөн, аларды кандай көргөнүбүз боюнча сүрөттөп беребиз. Бирок ушулардын бардыгында белгилүү мыйзам ченемдүүлүк бар, аны перспективанын мыйзамдары дейбиз. Деңгээл сызыгын эске салалы. Бул жөнүндө 1-класста айтылган. Деңгээл сызыгы көзүбүздүн тушунда тургандыгы маалым. Демек, көрүү чекити да деңгээл сызыгынын тушунда турат. Перспектива дегенде кээ бир адамдар кайсы бир мүмкүндүктөрдү, бизнести элестетишет, бул дагы чындык, анткени бул сөздү бизнес тармагында да абдан көп колдонушат.

Перспективанын мыйзамы боюнча бардык бизге жакын нерселер даана көрүнүп, ал эми алыстаган сайын түстөрү бозоруп кичирейип отуруп көрүнбөй калганын Сарьян Мартиростун «Тоолор» деген чыгармасынан баамдап көрүүгө болот.

Боом капчыгай

Бул сүрөттө да, дарактар жана машиналар бизден алыстаганына жараша кичирейип, жол ичкерип деңгээл сызыгында чекитке айланганын көрүүгө болот.

Жөнөкөй тил менен перспектива — көрүнүш, кандайдыр бир алыстык пунктунан көрүнгөн табияттын сүрөтү, көрүнүп турган алыстык. Тегиздикте үч өлчөмдүү мейкиндикти сүрөттөө искуствосу. Мисал катары төмөнкү сүрөттү карагыла.

Пирс перспективасы

Фотографтар перспективаны көп колдонушат, айрыкча аны кандайдыр бир нерсеге карап жаткан адамдын көңүлүн бурууда түрдүү сызыктардын жардамы аркылуу көз карашты жетелөө максатында колдонушат.

Психологияда перспектива келечек, үмүт, келечек көрүнүшү деген маанини туюндурат. Бирок искусстводо деле бул түшүнүк анча айырмаланбайт, жана окшош.

Жайгаштыруу: 2019-10-24, Көрүүлөр: 5528, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-11, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу