Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Пейзаж

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Пейзаж

Саздак ойдуңда күн күркүрөп, жамгыр төгүп өттү. Алыста дагы эле жаан жаап, шамал удургуйт. Кара-көк тарткан булуттарда микпроскопикалык тамчылар мол, дарак менен бадалдын суу болгон бутактары салмактанып ийилет. Бирок горизонтто булуттар сөгүлүп, шаңкайган көк асмандан күндүн көзү көрүнө баштады, аба тунуп, тазарды, ал эми жерде нымдуу шалбаада күн шооласы анда-мында чагылышат. Чагылгандуу жамгырдан түйшөлө түшкөн табиятта кайрадан бейкуттук ороп жатты. Ушунун баарын 19-кылымдын 2-жарымындагы белгилүү орус пейзажчысы Ф. А. Васильевдин Жаандан кийинки шалбаа сүрөтүн көрөбүз. Сүрөтчү тарткан пейзаж жөнөкөй жана ажайып кооз.

Анын сулуулугу сырткы кооздугунда эмес, чыныгы турмушка жакын, акыйкат экендигинде. Бул анын мээримдүүлүк менен сүйгөн мекенинин табияты. Табиятты өзүнүн сулуулугунда көргөзүү аркылуу бирге адамдын сезимдери менен толгонууларынын зор жана татаал дүйнөсүн билдирүү. Пейзажчы сүрөткердин негизги милдети да мына ушунда. Пейзаж живописи өз алдынча жанр катары дароо эле калыптана койгон жок. Пейзаж адегенде портрет же тарыхый окуяларды тартууда фон катары кызмат кылган. 16-17-кылымдарда гана пейзаж сүрөт өнөрүнүн өз алдынча жанрына айланды. Бул мезгилде голландиялык сүрөтчүлөрдүн тарткан пейзаждары айрыкча белгилүү болгон. Эң сонун пейзаждар 19-кылымда түзүлдү.

Атактуу орус сүрөтчүлөрү - көчмө көргөзмөчулөр: А. К. Саврасов, И. И. Шишкин, И. И. Левитан, А. И. Куинжинин сүрөттөрүндөгү табияттын көрүнүштөрү өтө мазмундуу, поэтикалуу. Белгилүү советтик живописчилер И. Э. Грабарь, М. С. Сарьян, А. А. Дейнеканын, Кыргызстандан Г. Айтиев, С. Акылбеков, С. Чуйков, К. Керимбековдордун чыгармаларында пейзаж көрүнүктүү орунду ээлейт. Алардын кыргыз тоолору, Ысык көл, Сары челек сыяктуу кооз жайларды тарткан сүрөттөрү көрүүчүлөрдү өзгөчө суктандырат. Туулган жердин табиятын тартуу менен сүрөтчүлөр бизди анын сулуулугун, поэзиясын сезип-туюп билүүгө, Мекенибиздин эң сонун жерлерин дагы бекем сүйүүгө үндөйт.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 846, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо