СөзүМ. Алыбаевдики
ОбонуК. Усупбаевдики

Аталышы боюнча тактоо керек, Өз же Өс Ала-Тоом

Көңүл толкуйт көркөмүңдү көргөндө,
Керметтүү кучагында жүргөндө.
Көз алдыма аппак тоолор тартылат,
Алыс жүрүп сага көңүл бөлгөндө.

Ээй, ойду эргитет,
Оой көңүл сергитет,

Алыс жүрүп сага көңүл бөлгөндө.
Шыктанамын минип кыял кемесин,
Чалкып жаткан кандай укмуш немесин.
Карааныңдан кагылайын Алатоом,
Кандайдыр бир жүрөккө дем бересин.

Ээй, карагай кайың, Оой, арчалуу жайың,

Кандайдыр бир жүрөккө дем бересиң. Канга дары таштай тунук булагын, Көрпө болуп өскөн көпкөк туланың. Ырым менин, сенин демиң эмеспи, Өз (Өс) Алатоом! өзүм өскөн турагым.

Ээй, тунук булагың, Оой, көрпө туланың.

Өз (өс) Алатоом! өзүм өскөн турагым.

Майрамбек аттуу колдонуучуга ыраазычылык билдиребиз, Майрамбектин маалыматы боюнча оңдолуп-түздөлдү.

Өз (Өс) Ала-Тоом


СөзүМ. Алыбаевдики ОбонуК. Усупбаевдики Аталышы боюнча тактоо керек, Өз же Өс Ала-Тоом Көңүл толкуйт көркөмүңдү көргөндө, Керметтүү кучагында жүргөндө. Көз алдыма аппак тоолор тартылат, Алыс жүрүп сага көңүл бөлгөндө. Ээй, ойду эргитет, Оой көңүл сергитет, Алыс жүрүп сага көңүл бөлгөндө. Шыктанамын минип кыял кемесин, Чалкып жаткан кандай укмуш немесин. Карааныңдан кагылайын Алатоом, Кандайдыр бир жүрөккө дем бересин. Ээй, карагай кайың, Оой, арчалуу жайың, Кандайдыр бир жүрөккө дем бересиң. Канга дары таштай тунук…

Толук маалымат менен таанышуу акылуу, 1 күнгө - 100 сом, 30 күнгө - 500 сом, 365 күнгө - 5000 сом. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз аккаунтуңузга кириңиз.

Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 4275, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-09-29