Ормон Ныязбек уулу


Ормон хан (1791 же 1792—1854) -19-кылымдын ортосунда түндүк кыргыздарды өз хандыгына бириктирүүгө аракет кылган чоң манап. Сарыбагыш уруусунун Эсенгул уругунан чыккан. 25 жашынан эл бийлеше баштаган. 1840-жылдары сарыбагыш, бугу, саяк, солто, саруу, кушчу, черик урууларынын төбөлдөрү Кызыл-Токойдогу (азыркы Балыкчы шна жакын жер) курултайда О-ду ак кийизге отургузуп, хан көтөрүшкөн. Мывдан кийин ал түндүк кыргыздардын көпчүлүгүнө иш жүзүвдө өз алдынча бийлик кылып, Кокон хандыгын тааныбоого умтулган, О-дун өз байрагы болгон. Анын чыгарган мыйзамдары адат эрежелерине негизделип, «Ормон окуу» деген ат менен кеңири маалим. Сырткы жоого каршы кол башчы кылып Төрөгелди баатырды, ички тартипти тейлеген колбашчы катары саяктын каба уругунан Алыбек баатырды, башкы кеңешчи кылып Жантайды дайывдаган.

Айрым түндүк кыргыз уруулары О-дун хавдыгын сөз жүзүндө гана таанып, иш жүзүндө ага моюн сунган эмес. 1847-жылы О. менен Жантай орус бийликтерине казак султаны Кенесары Касым уулунун жортуулуна каршы жардам сурап кайрылышкан, бирок так жооп ала алышпаган. Кенесарынын колун Чүй боорувда талкалоодогу айлакердиги, колдонгон «Ормон опузалары» анын даңкын чыгарган. 19-кылымдын 40-жылдарынын башында О. Кокон хавдыгына каршы кайрадан көтөрүлүп, Көтмалдыдагы кокондук чепти талкалап, убактылуу жеңишке жеткен.

Ысык-Көлдөгү бугу уруусунун манаптары өз алдынчалыкка умтулуп, О-дун бийлигин тааныгысы келбеген. 1854-жылы О-дун айлында ордо оюну өткөрүлүп, андагы бүт байгени бугу тарап калтырбай алып кеткенин шылтоолоп, О. бугу менен сарыбагыш жаңжалын баштап берген. Өзү чабыпггардын бирин баштап барып, анда оор жараланып колго түшүп, туткавда өлгөн. Сарыбаыш төбөлдөрү Одун кунун 1000 төө, 3000 жылкы, 9 сулуу кыз, 40 күлүк жылы б-га баалап, авдан башка эң негизгиси - бугу менен саяк Ысык-Көлдү бошотушсун деген талап коюшкан. «О-дун куну» үчүн деп шылтоолоп, сарыбагыш манаптары феодалдык ич ара жаңжалды көпкө улантып, эмгекчи калктын башына оор мүшкүл түшкөн.

2016-05-27 132 Биографиялар Жыргалбекова С. 2016-05-27