Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Организмдеги йод, темир, кальций, фосфор, фтордун пайдалуулугу

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Организмдеги йод, темир, кальций, фосфор, фтордун пайдалуулугу

Адамдын жашоо тиричилигинде организмде иод, темир кальций, фосфор, фтордун болушу зарыл. Бул заттардын азайышы же жок болушу ар кандай ооруларга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан биз булардын ар бирине токтолуп өтөлү. Иод - анын жетишсиздигинен адамдар богок (зоб) оорусу менен оорушат. Алдын алуу үчүн иоддоштуруу керек: ичүүгө жарактуу сууну кайнатма тузу, азык түлүктөрдү йоддун бирикмелери менен байытуу керек. Темирдин жетишсиздиги аз кандуулукка алып келет. Темир - организмде кычкылтек алмашуу жана кычкылдануу процесстерине катышат. Темир алмада жашылча - жемиштердин кабыгында көп кездешет. Кальций - организмдеги нормалдык тиричилик процесси үчүн керектүү биогендик элементтердин бири.

Кальций адамдарда 1,4- 2% болот. Жаш организмде фосфор, кальций алмашуусу бузулганда итий пайда болот. Кальций порошок түрүндө ичүүгө берилет. Кальцийдин жетишсиздиги сөөктөрдүн өсүшүнө терс таасир тийгизет. Фосфор - организмдин тиричилиги үчүн зарыл биогендик элементтердин бири. Фтор - адамда органикалык эмес зат түрүндө өзгөчө тиште көп болот. Фтор жетишпесе тиш кариеси пайда болот.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 3142, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу