Жыл сайын 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш майрамын майрамдайбыз. Бул күнү согуштун бардык ардагерлери, мурдагы аскерлер, офицерлер өздөрүнүн күжүрмөн сыйлыктарын тагынып чыгышат. Алардын көкүрөктөрүнөн ар түрдүү орден, медалдарды көрүүгө болот. Аларды согуштагы жана эмгектеги каармандыгы үчүн алышкан. СССРдин эң жогорку ордени В. И. Лениндин ысмы менен аталган. Советтик биринчи орден - Кызыл Туу ордени 1918-жылы белгиленип, бул орден менен Кызыл Армиянын эрдик көрсөткөн жоокерлер командирлер жана аскер бөлүктөрү сыйланышкан. 1920-жылы белгиленген Кызыл Жылдыз ордени да күжүрмөн сыйлык болгон. Аскердик Кызыл Туу орденинин бир тууганы, Эмгек Кызыл Туу ордени.
Бул орден менен эмгекке каармандык көрсөткөн совет адамдары 1920-жылдан баштап сыйланып келишкен. Фашисттик Германия менен болгон согуш мезгилинде аскердик жаңы ордендер белгиленген: Ата Мекендик согуш ордени, Суворов, Ушаков, Кутузов, Нахимов, Богдан Хмельницкий, Александр Невский ордендери, аскердик эң жогорку орден - Жеңиш ордени, солдат жана сержанттар сыйлануучу Даңк ордени. Кыргызстан эгемендүү Республика болуп жарыялангандан кийин (31-август, 1991-жыл) өз ордендерин жана медалдарын белгиледи. Алар: Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы Кыргыз Республикасынын Баатыры, ошондой эле Манас Данакер, Баатыр эне ордендери, Эрдик Даңк, Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн, Эне даңкы медалдары. Кыргыз Республикасынын Баатыры эң жогорку артыкчылык даражасына Т. Сыдыкбеков (жазуучу), Ч. Айтматов (жазуучу), Т. Садыков (айкелчи), С. Шарипов (космонавт), Т. Усубалиев (мамлекеттик ишмер), С. Күмүшалиева (артист), К. Арыков (куруучу), А. Жумакматов (дирижер) жана башкалар сыйлаган.