Мындан 28 кылым мурда Байыркы Грецияда атлеттердин күлүктүгүн, шамдагайлыгын сыноо боюнча мелдештер өткөрүлгөн. Олимпия шаарында өткөрүлгөн эң ири жана белгилүү спорттук мелдештер Олимпиялык оюндар деп аталган. Ар бир 1417 күндөн кийин, башкача айтканда, төрт жылда бир жолу өткөрүлүүчү Олимпиялык оюндар гректердин жалпы майрамына айланган. Адегенде чуркоо боюнча гана мелдеш өткөрүшчү. Кийин олимпиялык оюндардын программасына пентатлон (чуркоо, узундукка секирүү, диск ыргытуу, найза ыргытуу жана күрөштөн турган спорттук мелдеш), жекеме-жеке мушташуу, араба менен жарышуу киргизилген. Олимпиялык майрамдарда искусство боюнча да конкурстар уюштурулуп, акындар оюндун урматына чыгарган гимн, ырларын окушса, чечендер жеңүүчүлөрдү даңктап чыгышкан. 19-кылымдын аягында Олимпиялык оюндар кайрадан жаралды.
1896-жылы Афины шаарында античный олимпиялык оюндардын үлгүсүндө эл аралык спорттук ири мелдеш өткөрүлдү. Ошондон бери төрт жылда бир жолу Олимпиялык оюндар өткөрүлүп келүүдө. Азыркы олимпиялык оюндардын программасына спорттун элге кеңири тараган белгилүү түрлөрү киргизилген. 1924-жылдан кышкы Олимпиялык оюндар өткөрүлүп келүүдө, аны Ак олимпиада деп аташат. Кезектеги оюндун ачылышына бир нече күн калганда антикалык олимпиялык оюндарды эскерүү иретинде гректердин Олимпия шаарынан күйгүзүлгөн факелдин эстафетасы башталат.
Күйгүзүлгөн факел узак сапарга чыгат, ал самолёт, поезд, автомобиль, мотоцикл жана велосипед менен Олимпиялык оюндар өтүүчү стадионго алынып келинет. Мына, факелди жөө күлүк алып баратат. Спортсмен стадиондун төрүнө орнотулган чоң чөйчөк шамга чыгып, олимпиялык отту жандырат. Ал от оюндар бүткөнгө чейин өчпөй күйүп турат. Олимпиялык оюндарды өткөрүүнүн негизги максаты - тынчтык, теңдик жана достукту бекемдөө. Олимпиялык оюндардын салттуу атрибуттары катары - Олимпиялык желек, от жана девиз (тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк) эсептелет. Бүгүнкү күндө Олимпиадаларда спорттук оюндардын 20 ашык түрү боюнча мелдештер өткөрүлүүдө. Олимпиялык оюндар биздин күндөрдө спорттук чоң майрамга айланды. Ага дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнүн эң мыкты спортсмендери катышат.
Оюндар Европанын, Американын, Азиянын жана Австралиянын шаарларында өткөрүлгөн. 1980-жылы Олимпиялык оюндар Москвада жана 2014-жылы Сочи шаарында шаарында өткөрүлгөн. Кыргызстандын спортчулары да Олимпиялык оюндарда чоң ийгиликтерге жетишүүдө. 1980-жылы Москва шаарында өткөн Олимпиадада Каныбек Осмоналиев (оор атлетика), Александр Мелентьев (ок атуу) жана Татьяна Колпакова (жеңил атлетика), жөөкүлүк Сатымкул Жуманазаров чемпиондук наамга татыктуу болушту. Кийинки Олимпиялык оюндарда женил атлет Игорь Паклин, дзюдо күрөшүндө Дина Максутова, гандболдо Талант Дүйшөбаев, грекрим күрөшүндө Раатбек Санатбаев, фехтованиеде А. Абушахметов жана башка спортчуларыбыз байгелүү орундарды ээлөө менен, өлкөбүздүн намысын коргоп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып келген жана келүүдө.