Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Окууну көзөмөлдөө

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Окууну көзөмөлдөө

Балдардын жакшы окушу үчүн ата-эне шарт түзүп берүүгө милдеттүү. Баланын сабак даярдай турган атайы өзүнүн жайы болуусу керек. Баланын отурган столу жана отургучу анын боюна жараша болушу тийиш. Эгерде стол же отургуч баланын боюна туура келбесе, анда анын келбети жана ички органдарынын өөрчүшү бузулат. Бала үйгө берилген тапшырманы аткаруу үчүн дайыма бир убакта киришүүгө тийиш. Эгерде бала эртең мененки сменада окуса, анда ал сабакты даярдоого кечки саат 4 тө же 5 те киришет. Ал эми бала түштөн кийин окуса, анда эртең мененки 9 да сабак даярдоого киришет.

Кээ бир балдар сабакты түнүчүндө даярдашат. Бул балага зыян келтирет. Анткени даярдаган сабагы өндүрүмсүз сапатсыз болот жана эртеси өзүн начар сезип, мугалимдин айткандарын начар кабыл алат. Ошондуктан ар бир ата-эне баланын түнүчүндө сабак даярдашына жол бербөөсү зарыл.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 495, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу