Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Окуучу окуу иш-аракетинин субъектиси катары өзгөчөлүктөрү

Баш барак | Психология | Окуучу окуу иш-аракетинин субъектиси катары өзгөчөлүктөрү

Кенже мектеп курактагы бала окуу иш-аракетинин субъектиси катары коомдук жашоо-тиричиликтин алгачкы баскычында болуп эсептелинет. Кенже мектеп окуучусу өзүнүн жаңы коомдук жашоого жарамдуулугу, даярдыгы жана катышуусу менен мүнөздөлөт. Жарамдуулугу, анын окууга болгон мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу, анатомиялык-морфологиялык деңгээли менен, психикалык, негизинен интеллектуалдык деңгээли менен аныкталат. Мектепте окууга даярдыгы баланын мектепке, окууга, таанып билүүгө болгон мамилесинин калыптанышын билдирет. Жаңы милдеттерге, башка адамдардын мугалимдин, класстын алдында жоопкерчиликтүүлүккө даярдыгы менен аныкталат.



Жаңыларды күтүү, аларга кызыгуу кенже мектеп окуучусунун мотивдеринин негизи болуп калат. Кызыгуу таануунун эмоционалдуу кабыл алынуусу менен окуу иш-аракетинин ички мотивинин негизин түзөт. Күтүү системасы даярдыктын негизи болуп эсептелинет.



В. В. Давыдов (20), мектепке даярдык бул баланын бардык психикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы, үй бүлөдө жана балдар бакчасында болгон бардык окуу-тарбия системасынын натыйжасы экендигин белгилеген. Окуу иш-аракетинин субъектиси катары окуучуга керектүү интеллектуалдык, инсандык, ишкердүүлүк сапаттары төрөлгөндөн баштап калыптана баштайт. Алардын калыптануу деңгээлине карай баланын мектеп турмушуна кирүүсү, мектепке болгон мамилеси, окуунун ийгиликтери, окуу ишаракетине кирүүсү ишке ашат. Кенже мектепте окуучунун негизги, башкы иш-аракеттин элементтери, керектүү окуу ыктары калыптанат.



Бул мезгилде илимий билимдин системаларын өздөштүрүүсүн камсыз кылган ойдун формалары, илимий, теориялык ой өнүгөт. Бул мезгилде баладан ойлоодогу тырышчаактыкты талап кылуу гана байкалбастан, физиологиялык чыдамкайлык да талап кылынуу менен психологиялык кайра түзүлүш байкалат. Изилдөөчүлөр жаңы турмуштук позиция, башкача айтканда окуучунун субъект катары позициясы менен мүнөздөлгөн кенже мектептеги балдарга кездешкен бир нече кыйынчылыктарды белгилешкен. Мында турмуштун жаңы шарттарында, мугалим болгон жаңы мамилелешүүдө кездешүүчү кыйынчылыктар. Бул мезгилде, айрым учурларда мектеп менен болгон кубанычтуу таанышуу кыйынчылыктарды женуүгө мүмкүнчүлүктүн жоктугунан болгон апатияга, салкын мамилеге алмашып кетиши мүмкүн.



Мугалим бул жаштагы негизги психикалык жаңыланууну, башкача айтканда окуу предметтерди үйрөнүүдө болгон эрктүүлүктү, кыймыл-аракеттин нчки планын жана рефлексияны эске алуу зарыл. Бул жашта бала өзүн окуунун субъектиси катары аң-сезимдуү кабыл алат. Кенже мектеп окуучусу окуу иш-аракетинин субъектиси катары, ошол эле иш-аракетте анализдөөнүн, синтездөөнүн, жалпылоонун, классификациялоонун жаңы жолдорун үйрөнүү менен, өнүгөт жана калыптанат. Жашоо шартынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу, үй бүлөдөн же балдар бакчасынан мектеп шартына өткөндүктөн кенже мектеп балдарда доминанттык авторитеттин өзгөргөндүгү да байкалат. Ата энесинин ойлору, баалоолору менен катар мугалимдин авторитети да пайда болот.



Башталгыч класстын аягында окуучу окуу ишаракетинин гана субъектиси болбостон активдүү инсандар аралык байланыштын да субъектиси болуп калат. Өспүрүм куракта негизги ролду теңтуштары менен баарлашуу ойнойт. Бул курактагы балдарга окуу, коомдук уюшулгандык, спорттук, эмгек иш-аракеттери таандык. Бул коомдук пайдалуу ишаракеттерди аткаруу учурунда өспүрүмдөрдө коомдук пайдалуу эмгекке катышууга аң-сезимдуү умтулуу пайда болот. Өспүрүм өз ара байланыштын нормаларын эске алуу менен түрдүү коллективдерде баарлашууну, өзүнүн жүрүм-турумуна рефлексияны пайдаланууну, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн баалоону үйрөнөт.



Бул курак, борбордук психикалык, инсандык жаңылануу "чоң болуу сезими" пайда болгон учурда, балалыктан чоңго өтүүчү татаал мезгил. Кенже өспүрүмдөрдө өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрдү байкоого болот: үй бүлө жана теңтуштар арасында өз ордун ээлөөгө керектөөсү; чыныгы досторго ээ болуу; класста бөлүнүп калбоого умтулуу; класста "күчтөрдү сыноо" суроосуна болгон күчтүү кызыгуу; балалыкты чагылдыруучу сапаттардан качуу; спортко кызыгуу ж. б. Окуу иш-аракетинин субъектиси катары өспүрүм өзүнүн позициясын субъективдүү индивидуалдуулук катары тактап киргизүү тенденциясы менен, кандайдыр бир жактары менен өзгөчөлөнүп турууга умтулуусу менен мүнөздөлөт. Эгерде бул мүнөздөө окуу иш-аракетинин мазмуну, башкача айтканда предмети, окуу маселесин чыгаруучу ыктары, жолдору менен дал келсе, ал тааныпбилүү мотивдерин күчөтүшү мүмкүн. Өспүрүмдүн активдүүлүгу окуу иш-аракетинин мазмуну жана аны уюштуруу шарты болгон, жүрүмтурумдун нормаларын, баалуулуктарын, жолдорун өзөштүрүүгө багытталуу менен аны канааттандырат. Ошондуктан өспүрүмдүн интеллектуалдык иш-аракетин активдештирүүчү окуунун бардык принциптерин ишке ашыруу негизги болуп эсептелинет.



Окуу ишаракетинин мазмуну азыркы мезгилдеги коомдук экономикалык, жашоо турмуштук мамилешүүлөрдөн тургандай эле, өзүнө азыркы мезгилдин адабияттарын, социалдык маданий контексттерин, музыканы, живописти, бийди камтуусу зарыл. Эгерде кенже мектеп курагындагы окуучулар үчүн улуулардын кадыр-баркы баалуу боло турган болсо, өспүрүм үчүн чоңдордун кадыр-баркы анчейин деле орунду ээлебей калат. Ошондуктан чоңдордун (мугалимдин) кадыр-баркы сакталуусуна төмөндөгүдөй факторлор негиз боло алат: 1) өспүрүмдүн коомдук ордунун өзгөрүлбөгөнү, ал окуучу болгон жана боло бериш керек; 2) мугалим менен эле катар тарбиячы болгон ата-энелерине материалдык көз карандылыгы; 3) өспүрүмдүн өз алдынча аракеттене албагандыгы. Өспүрүм окуу иш-аракетинин субъектиси катары өзүнүн мотивдери, позициясы, мамилелешүүсү, "мен" концепциясы менен гана айырмаланбастан, ошондой эле үзгүлтүксүз көп баскычтуу билим берүүнүн бир үзүндүсүндөгү жашоодогу орду менен өзгөчөлөнөт.



Ал билим алууну улантуучу формаларын болжолдоо менен өзү үчүн чечимдерди изденет да, ал үчүн же окуунун баалуулуктарына, же эмгек иш-аракеттеринин баалуулуктарына, инсандар аралык мамилелешүүлөргө таянат. Жогорку класстын окуучулары окуу иш-аракетинин субъектиси катары билим алууда калыптанып бүткөн адам болуп эсептелинет. Бул курактагылар келечек турмушун пландай башташат жана кесип тандоо жөнүндө аң-сезимдүү ойлоно башташат.



Өспүрүм курак менен алгач бой тарткан куракта пайда болуучу өз ордун табуу керектөөсү окуу иш-аракетинин мүнөзүнө таасир этбестен аны толугу менен аныктайт. Бул өзгөчөлүк негизинен терендетилип окутулган класстарды, окуу мекемелерин, окутуу предметтерди тандоосунда байкалат. Жогорку класстын окуучусу өзү катышкан өнүгүүнүн социалдык жагдайдын спецификасына карай окуу иш-аракетинин субъектиси катары, бул иш-аракеттин сапаттуу башкача мазмуну менен мүнөздөлөт. Биринчиден, билимди өздөштүрүүдөгү ички таануу мотиви менен катар социалдык жана инсандык сырткы мотивдер пайда болот. Окуу иш-аракети жогорку класстын окуучусу үчүн келечектеги турмуштук планын ишке ашыруу жолу болуу менен бирге, окуу мотивинин структурасы сапаттуу өзгөчөлүктөргө дуушар болот.



Бул курактагы балдардын окуу иш-аракеттеринин багытталуусу болуп, тажрыйбасын кеңейтүүчү, кошумчалоочу, жаңы маалыматтарды киргизүүчү болгон индивидуалдуу тажрыйбасын системалуу уюштуруу, комплективдештирүү, системалаштыруу болуп эсептелинет. Өз алдынчалуулукту өнүктүрүү, чечимди чыгармачылык менен кароо, чечимдерди кабыл алуу менен аларды анализдөө жана конструктивдүү, аң-сезимдүү түшүнүү жогорку класстардын окуу иш-аракетинин мазмунун түзөт. Бул куракта окуучунун автономиялуулукка умтулуусунун негизинде өзүн өзү аңдап билүүнүн толук структурасы калыптанат, инсандык рефлексия өнүгөт, турмуштук планды түшүнүү пайда болот. Жогорку класстын окуучусу жаңы типтеги башкы иш-аракетке кирет башкача айтканда окуу кесиптик иш-аракети, аны туура уюштуруусу окуучунун кийинки эмгек иш-аракетинин субъектиси катары калыптануусун аныктайт.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 2801, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу