Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Окура-гиподерматоз

Баш барак | Ветеринария | Окура-гиподерматоз

Окура – сайгактын курту козгоочу ылаң. Бул оору өлүмгө учуратпаса да малды арыктатып, сүтүн азайтып жана терини керектен чыгарып, бир кыйла экономикалык зыян келтирет. Сайгак - өтө тез учуучу, чоңдугу аарыдай болгон чымын. Жылдын жылуу мезгилдеринде уйлардын буттарындагы, курсагындагы жүндөрүнө жумурткаларын (сиркелерин) чачат.

Беш-алты күндөн кийин сиркелерден курттар пайда болуп, алар теринин алдына кирет да, малдын организиминде жылып журуп, 9-10 ай бою өзүнүн ар түрлүү өсүү стадиясын улантат. Ноябрь-февраль айларында курттар жон терисинин алдына жайгашат. Бул мезгилде курт бир кыйла чоңоюп калгандыктан алар турган жерлер дөмпөйүп турат.

Дагы бир нече күн өткөндөн кийин дөмпөйгөн жердин ортосунан тешик пайда болот, ал акырындык менен чоңоюп, ошол тешиктер аркылуу курттар жерге түшөт. Жерге түшкөн курттардан бир айдан кийин сайгак пайда болуп, өзүнүн өсүү циклын кайта улантат.

Дарылоо: окура менен күрөшүү чараларды сайгактын бардык стадиясына каршы комплекстүү түрдө күрөшүү болуп саналат. Биринчиден эле сайгак малга жумурткасын чачбасын үчүн жай айларында малды түнкүсүн жайып тоюттандыруу иштери уюштурулат. Андан кийин чачылган жумурткалардан пайда болгон түйүлдүктөр териге кирип кетпесин үчүн бададагы бардык бардык малдын терисин 1% хлорофостун эритмеси менен дарылап чыгуу керек. Азыркы убакта Ивермек, Ивомек, Баймек, Аверсект-2, Альбен деген дарылар инструкциялары боюнча колдонулат.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 520, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу