Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Окорочканы абайлап колдонуу керек

Баш барак | Ветеринария | Окорочканы абайлап колдонуу керек

Сырттан алынып келинип жаткан тооктун сан эттери бизде мал этине салыштырмалуу арзан экендиги менен жакшы өтүмдүү. Бирок ошол «окорочкалар» адамдардын организмине пайда алып келип жатабы же уулантабы?

Тоок бат чоңоюп, тез семириш үчүн гормондор, антибиотиктер колдонулат. Чет өлкөдө тоок багып жана этин сатуу менен алектенгендер илгеркидей табигый чөп-чар, жем багып семиртпестен, заманбап ыкмалар менен багаарын көпчүлүгүбүз билебиз. Башкача айтканда, жем катары берилген комбикормдун курамына, албетте, жасалма кошулмалар (бензой кислотасы, сорбат, лимон кислоталары, сорбат тузу жана башкалар) кошулат. Бул жогоруда аталган химиялык заттарды тиешелүү өлчөмдө кошулса, ден соолукка анча зыяны жок деп эсептелет. Бирок тооктор бат чоңоюп, тезирээк семирсин үчүн, көп өлчөмдө кошулуп жаткандыгы тынчсызданууну жаратат. Бул эле эмес тооктор бат чоңоюп, семирсин деп гармондорду жана антибиотиктерди колдонушат. Европада гормондорду колдонууга тыюу салынган. Бирок ага карабастан АКШда, Кытайда эттин көлөмү жана салмагы көп болсун үчүн кеңири колдонулат. Ал эми алынып келинип жаткан «окорочкалар» АКШ менен Кытайдыкы болгондуктан, ден соолукка кандайдыр бир өлчөмдө коркунуч бар.

Тоокторго антибиотиктер берилген соң, тооктун денесиндеги микробдор антибиотикке көнүп, ыңгайлашып калат. Тагыраак айтканда микробдордун туруктуу расасы пайда болот. Андай тооктун эти менен адам тамактанганда жогоруда айтылган микробдор кошо кирет да, адамда ооруну козгойт. Адам антибиотиктерди дары катары кабыл алса, ал микробко таасир этпейт. Оору күчөп татаалдашат жана адамды өлүмгө жеткириши мүмкүн. Коркунуч ушунда. Тоокторго берилген гормондор эт менен адамдын организмине кирип, семирүүнү жаратат.

«Окорочкадагы» майларга эң зыяндуу заттар топтолот. Окумуштуулардын пикирине таянсак, тооктун сан этиндеги майларга тоокко жем менен кошо бергенде топтолгон эң зыяндуу заттар чогулат. Мисалы диоксиндер. Бул зат организмге тиешелүү өлчөмдө кирсе коркунучу жок. Бирок көбүрөөк кошулганда анык ууга айланат. Уйку безди, өпкөнү, иммундук системаны жабыркатат. Курсак жана көкүрөк көңдөйүндө жайгашкан органдарга таасир берип, өнөкөт ооруларды козгойт. Нерв системасынын иштөөсүн, канды бузат. Ракка да жеткирүүсү мүмкүн. Диоксин уусу организмге аздан кирген учурда адамдын денеси билинбестен ондогон жылдар бою ууланып отуруп, жыйынтыгы айыктырууга мүмкүн болбогон абалга жеткирет.

Кыргызстанга сырттан алынып келинген «окорочкалар» өлкө ичине киргизилбей туруп, текшерүүдөн өткөрүлөт деңизчи. Антсе да «сактыкта кордук жок» дегенди кармануу туура. Андыктан окумуштуулар эскерткендей, «окорочканы» колдонордо жок дегенде майлуу жерин кесип алып таштоону унутпаңыз. Жыйынтыгында эмне үчүн АКШлыктар менен кытайлыктар тооктун ак этин (төш жана канат эттери) гана колдонулуп, майлуу сандарын экспорттой тургандыктарынын сыры ушунда. Анткени, ал өлкөлөрдө көпчүлүк эли тооктун санындагы май - уулу заттардын кампасы экендигин («окорочкалардын» бардык партиясы таза текшерилет деп ишенишпейт) илгери эле билишкендиктен, сатып ала беришпейт.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 716, Өзгөртүлгөн: 2016-08-18, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо