Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Океев Төлөмүш

Баш барак | Биографиялар | Океев Төлөмүш

Океев Төлөмүш(1935-жылы туулган, Тоң району, Бөкөнбаев айылы) - кинорежиссёр, СССР эл артисти (1985; Кыргыз ССР эл артисти, 1975). Казак Республиканын маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1994). Ленинграддагы киноинженерлер интун (1958), ВГИКтин 2 жылдык режиссёрдук жогорку курсун бүтүргөн (1964). 1958—62-жылы «Кыргызфильм» студиясында оператор, 1964-жылдан режиссёр, 1970жылдан Кыргызстан кинематографисттер союзунун президиумунун төрагасынын 1-орун басары, 1986-жылдан Кыргызстан кинематографисттер союзунун башкармасынын 1-катчысы, 1993-жылдан Кыргыз Республиканын Түркиядагы элчиси. О-дин алгачкы тарткан чыгармасы «Жылкы» деген кыска метраждуу доку мент фильм (1965).

Андан кийин «Мурас» (1969; Бүткүл союздук кинофестивалдын сыйлыгы, 1970), «Мүнүшкөр» (1970), «Боом» (1968) жана башкалар документ фильмдерди тартып, буларда кыргыз эли, анын жери жөнүндөгү көрүнүштөрдү жаңыча формада бере алган. О-дин сүрөткердик таланты көркөм кинофильмдеринде таасын ачылды. Ал биринчи тарткан толук метраждуу фильм («Бакайдын жайыты», 1966; Кыргыз ССР Ленин комсомолу сыйлыгы) менен эле чыгармачылык чоң жеңишке жетип, дүйнөлүк атакка арзыган. Анын бул фильминде негизинен адам менен табияттын өз ара мамилеси жөнүндөгү тынчсыздануу негизги образдык-сюжеттик мотивдердин бири болуп калган. Биринчи фильми аркылуу эле чыгармачылык жактан жетилген, дүйнөгө өз алдынча көз карашы жана мамилеси бар сүрөткер катары таанылды. О. кийин көп жагынан «Бакайдын жайытына» тете келген, айрым жактары боюнча андан ашып түшкөн «Көк серек» (1974; Бүткүл союздук кинофестивалдын сыйлыгы), «Ак илбирстин тукуму» (1985; Бүткүл союздук кинофестивалдын сыйлыгы) фильмдерин жаратты.

Эки тасма тең сюжеттик материалдары башка-башка болгону менен негизги проблематикалары жагынан өз ара өзөктөш. Буларда адам менен табияттын карым-катнашы тууралуу темалар тереңдетилип, күчтүү рухий чымыркануу, күйүп-жануу жана дасыккан чеберчилик менен тартылган. «Уркуя» (1972; Кыргыз ССРинин Токтогул атн мамлекеттик сыйлыгы, 1974), «Улан» (1977; Бүткүл союздук кинофестивалдын сыйлыгы, 1978) аттуу фильмдеринде өтө маанилүү коомдуксаясий жана моралдык маселелер козголот, ашкан драмалуу адам тагдыры көрсөтүлөт, бай идеялык-көркөмдүк мазмуну мыкты чеберчилик менен ачылат. Ал эми «Кызыл алма» (1975), «Алтын күз» (1980; Бүткүл союздук кинофестивалдын сыйлыгы) тасмалары эсте калгыдай образдары, сюжеттик окуялары, кадрлары бар фильмдер. О. орошон таланты, мыкты кесиптик камылгасы, кино өнөрүнө жан-дили менен берилгени аркылуу кыргыз улуттук киносун дүйнөгө тааныткан ири сүрөткерлердин бири. 1990—92-жылы СССР Жогорку кеңешине депутат. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 676, Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо