Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Өсүмдүктү кароо

Баш барак | Бадыраң өстүрүү | Өсүмдүктү кароо

Өсүмдүктү кароо
Оңтойлуу аба ырайынын шартында бадыраң 4-5-күндө өнүп чыгат. Эгерде урук убагында өнүп чыкпаса, анын себебин урук тигилген жерди этияттап казып аныктайт. Кээде урук чирип кетет, кээде аны зыянкечтер жок кылышат же чымчыктар чукуп ташташат. Мындай учурларда кошумча уруктар тигилет. 1-2 нака жалбырак пайда болгондо биринчи суюлтууну, 4-5 нака жалбырак пайда болгондо экинчи суюлтууну өткөрөт. Өнгөн бадыраңды жулбайт, аны тамырын калтырып үзөт. Өсүмдүктү суюлткандан кийин жалбырактын урук үлүшүнөн өйдөлөбөй аны этияттап түптөйт. Түшүмдү жогорулатуудагы маанилүү ык - бул өсүмдүктөгү ургаачы гүлдү көбөйтүү, анткени андан жашылча өсүп чыгат. Ургаачы гүлдөрдүн санын көбөйтүүнүн ыгынын бири - бул каптал жагындагы жаш бутактарды алып таштоо жана өстүрүлүп жаткан сорттун пландаштырылган узундугуна жеткенде негизги сабагын кыркып салуу керек.

Жайгаштыруу: 2016-05-29, Көрүүлөр: 1145, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-29
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо