Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Нумизматика деген эмне

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Нумизматика деген эмне

Нумизматика — тыйындын тарыхын изилдөөчү илим. Нумизматика деген сөз латын тилинен которгондо «тыйын» дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле кагаз акчаларды (биотистика), медалдарды, ордендерди, жетондорду, значокторду (фолеристика) да изилдейт.

Нумизматика деген эмне, тарыхтагы орду кандай жана башка ушул сыяктуу суроолорду карайлы. Нумизматика акча системасын жана анын тарыхый доорлордогу өнүгүү процессин талдайт.

Нумизматика илиминде атайын кабыл алынган терминдер да колдонулат. Мисалы, аверс — тыйындын бет маңдай жагы (адатта тыйынды чыгарган мамлекеттин герби же мамлекет башчысынын портрети түшүрүлөт); реверс — тыйындын арткы бети; гурт — тыйындын кыры (жылмакай, сүрот же жазуу түшүрүлүп, жасалма тыйын чыгарууну татаалдантат); легенда — тыйындагы жазуу; анын белгиленген баасы — номинал болот.

Тыйын беттери

Бул илимди 18-кылымдмн 2-жарымында австрия окумуштуусу, нумизмат И. X. Эккель негиздеген. Археологиялык эстеликтердин жашын аныктоодо нумизматикалык табылгалардын мааниси зор.

Акчанын пайда болушу

Негизги макала: Акча

Азыркы жашоону акча-тыйынсыз элестетүү эч мүмкүн эмес. Акчасыз дүкөнгө барып нан сатып ала албайсың, автобуска түшүп каалаган жериңе жете албайсың. Калем, дептер, китеп, китепкап, кийим-кече алууга болбойт. Булардын бардыгы күндөлүк турмуштагы акча-тыйындын ээлеген ордун аныктайт. Акча жүгүртүү жана төлөм каражаттарынын милдетин аткарат, башкача айтканда товар сатып, акча аласың же акча берип, товар аласың. Ошондой эле адамдын эмгегинен жаралган бардык буюмдарга, азык-түлүктөргө жана тейлөө иштерине акча төлөйсүң.

Байыркы заманда адамдар өздөрүнө керектүү буюмдарды айырбаштап күн көрүп келишкен. Айрым уруулар жашаган аймакта туз чыкса, экинчи бир уруу жашаган жер дыйканчылыкка ыңгайлуу болуп, эгин мол болгон. Алар аны бири-бири менен алмаштырып алышчу. Акырындык менен буюмдардын баасы мал, металл куралдар, кымбат баалуу аң-терилер, дан, туз, пилдин сөөгү, үлүл кабыктары менен аныкталып, соода-сатык кылышкан. Бара-бара айрым буюмдардын баалуулугу артат. Ага тең келген буюмдар талап кылына баштайт да тыйын чыгаруу зарылдыгы келип чыгат.

Соода-сатык өнүккөн сайын адамдар акча бирдиги катары ар кандай көлөмдөгү куйма металлдарды (жез, коло, темир, күмүш, алтын) пайдаланышкан. Ошол учурда металл аз өндүрүлүп, жогору бааланган. Кийинчерээк, алардын кичинекей бөлүкчөлөрүнө атайын белгилер, жазуулар, сүрөттөр чегерилет. Андай белгилер аркылуу акчаны айырмалоо жеңил болгон. Б. з. ч. 8-кылымдын аягы - 7-кылымдын башында Лидияда (Кичи Азия) жана Грецияда алгачкы жолу тыйын чегилген. Бирок металл тыйындар оор келип, көп орун ээлеген. 910-жылы дүйнөдө биринчи жолу Кытайда кагаз акча басып чыгарылган. 17-кылымдан баштап кагаз акчаларды басып чыгаруу Европанын бардык өлкөлөрүндө (анын ичинен Россияда 1769-жылдан) кеңири тараган.

Тыйын өткөн доор жөнүндө маалымат берет

Тыйын бетиндеги жазуулар, белгилер ошол аймакта жашаган элдердин жашоо-турмушу, анын башкаруучулары, соода-сатык мамилелери жөнүндө маалымдаган. Тыйын беттериндеги имараттардын сүрөттөрүн карап, миңдеген жыл мурда курулган курулуштарды калыбына келтирүүгө болоору аныкталган. Мисалы, Рим империясынын бир тыйынында Афины Акрополунун фонунда Дионис театры тартылгап. Археологдор Акрополь дөңсөөсүн изилдеп жатышканда, тыйындагы сүрөткө карашкан. Алар имараттар дөңсөөдө кандай жайгаштырылганын, Дионис театрын кайсы жерден издеш керектигин тыйындагы сүрөттөн улам болжошкон. Алар тыйындагы сүрөт аркылуу эстеликтин калдыгын таап, байыркы театрдын имаратын калыбына келтиришкен.

Алгачкы тыйын Кичи Азияда чегерилсе, дүйнөдө биринчи жолу кагаз акча Кытайда басып чыгарылган.

Түрдүү элдердин байыркы тыйындары

18-кылымга чейин Инди океанынын жээктеринде товар алмашуу катары каури үлүлдөрү кызмат кылган. Алардын негизинде өзгөчө акча системасы иштелип чыккан. Мисалы, Африка аймагында жипке тизилген 40 кауриден турган шнур (боо) деп аталгап акча системасы болгон. Ошондой эле Тынч океанынын Яп аралында таш тыйындар (раи) акча катары колдонулат.

Индейлердин каури үлүлдөрү

Меланезияда акуланын тиши акча ордуна жүгүртүлгөн. Түндүк Америкалык индейлер вампун (үлүл кабыгынан тизилип жасалган) курларын пайдаланышкан. Африкада пилдин сөөгү, Моңголияда такта чай акчанын милдетин аткарган. Ал эми байыркы кыргыздарда тыйын чычкандын териси (тыйын деген түшүнүк ушундан калган) товар сатып алууда керектелген.

Кытай тыйындары

Грек тыйындары

Тыйын казыналары

Негизги макала: Банк деген эмне

Алыскы өлкөлөргө соода-сатык жүргүзгөн бай көпөстөргө металл тыйындарын алып жүрүү коркунучтуу да, ыңгайсыз да болгон. Аны кайсы жерге катса да, кол салган каракчылар менен талоончулар дароо таап алышкан. Адамдар мындай абалдан чыгуунун жолун издеп, алтынды банкка сактоого өтүшкөн. Жолго чыкканда банкта сакталып турган алтындын наркы жазылган тил катты алтын ордуна документ катары көрсөтүшкөн. Натыйжада, акча байлыгын сактоонун ишенимдүү ыкмасы катары банк кызматы пайда болгон. 1157-жылы дүйнөдө биринчи жолу менчик банк герцог Виталис тарабынан Венецияда негизделген. Анын негизинде XIII—XV кылымдарда жаңы банктар пайда болгон. Азыркы мезгилде банк кызматы дүйнөдө, анын ичинен Кыргызстанда да жакшы өнүккөн.

Тынч океандын Яп аралында фэн деген аз сандуу калк жашайт. Яп тилинде сүйлөшөт, расмий тили англис. Негизги тамак-ашы нан багынын мөмө-жемиштери, картошка жана кокос жаңгагы. Ошондой эле балык, краб жана молюска. Алар салмагы 4 тонна, калыңдыгы 50 сантиметр, диаметри 3 метр келген, ортосу көзөнөкчө, кварцка окшогон таш тыйындарды - раи акчасын колдонушат. Алар таш тыйындарды соодалап, мал жана жер сатып алышат. Ар кандай ырым-жырымдарды өткөрүшөт, кызга калың төлөшөт. Яптын мамлекеттик желегинде жана гербинде бул таш тыйындын сүрөтү мамлекеттик символ катары түшүрүлгөн.

Кыргызстандын аймагынан табылган тыйындар

Кыргызтанда табылган байыркы тыйындар аркылуу бул аймакта ар кайсы доордо жашаган элдердин турмушу, башкаруучулары, байлыктары жана соода-сатык мамилелери, кол өнөрчүлүктүн өнүгүү деңгээли тууралуу маалыматты билсе болот. Байыркы доордо тыйындар Кыргызстандын аймагына башка мамлекеттерден, көбүнчө Кытайдан келген. Кыргызстандан табылгап алгачкы жез тыйындар Түргөш кагандыгынын дооруна (б. з. VIII к.) таандык. Бул тыйындардын ортосунда жипке тизүү үчүн төрт бурчтуу тешиги болгон. Тыйындын аверсинде түргөштөрдүн уруулук белгисинин сүрөтү, реверсинде "Мырза түргөш каган Фан" деген жазуу түшүрүлгөн. Бул тыйындар "Фандар" деп аталган. Фандарды Чүй өрөөнүндөгү байыркы шаарлар Суяб, Невакетте чегишкен. Кыргызстандын аймагында колдонулган тыйындар түргөштөрдүн Сулук каганы тарабынан 1300 жыл мурун киргизилген. Булар жасалышы кытай тыйындарына окшош. Алардын өзгөчөлүктөрү тыйындын бетиндеги иероглифтин ордуна хандын мөөрү түшүрүлгөн.

Акча - бардык товардын наркын (баасын) көрсөтүүчү өзгөчө товар.

11-кылымда Кыргызстанда жайгашкан Караханиддер мамлекетинин башкаруучулары колодон эле эмес, күмүштөн да дирхемдерди жасай башташкан. Дирхемдеги легендалар араб тилинде жазылган. Ал жазуулардан мамлекеттин кеңейгенин, хандардын алмашуусун, алардын басып өткөн жолун, караханиддердин генеалогиясын, тарыхын билүүгө болот. Караханид мамлекетинин тыйындарында башкаруучунун аты, наамы, чыккан шаары, жылы, айрым учурларда вазирлердин жана зээркананын жетекчисинин аттары көрсөтүлгөн. Тыйындын бир бетинде "Алладан башка Кудай жок" деген сөз чегилген.

Дирхем - арабдардын байыркы күмүш тыйыны.

Кыргызстан Россия империясына каратылганда орус тыйындары, кийин 1917-жылдан тартып советтик тыйындар колдонулган. 1991-жылдан бери кыргыз тыйындары жүгүртүлүүдө.

Кыргызстанда акча бирдигинин киргизилиши

СССР тарагандан кийин мурдагы союздук республикалар үчүн кыйын кырдаал түзүлүп, Кыргызстан да оор абалда калып, кризиске кабылган. Мурдагы Советтер Союзуна кирген республикалардын ортосундагы соода-экономикалык байланыштар үзүлгөн. Республикалардын ортосундагы бирдиктүү акча саясаты жоюлган. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өздөрүнүн улуттук валютасын киргизип, жеке экономикалык саясатын жүргүзүшү керек эле. Мындай кадамды алгачкылардан болуп Кыргызстан жасады.

Кыргыз акчасы

Кыргыз Республикасынып Өкмөтү өлкөбүзгө улуттук валютаны киргизүүнү сунуштап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 1993-жылы 3-майда Өкмөттүн сунушун бекиткен. 1993-жылы 10-майда Кыргызстан өзүнүн улуттук валютасы кыргыз сомун киргизген. Кыргыз сомунун тарыхы эгемендүү кыргыз элинин тарыхы менен тыгыз байланыштуу.

Кыргыз сомундагы сүрөттөр тарыхый окуяларды, маданий эстеликтерди, көрүнүктүү ишмерлерди, маданияттын жетишкендиктерин жана даңазалуу тарыхый даталарды чагылдырат. Кыргыз сомуна түшүрүлгөн көрүнүктүү ишмерлердин портреттери Кыргызстан эли сыймыктанган татыктуу инсандар экендиги талашсыз. Кыргыз сому мезгилдин талабы менен бараткан жана радикалдуу өзгөртүүлөр жолуна түшкөн көз карандысыз Кыргызстандын акчасы болуп калды.

Кошумча

Акчанын тарыхы — бул иш жүзүндө цивилизациянын тарыхы. Адамга акча катары эмне гана кызмат өтөгөн жок. Африкада, Азияда жана Океанияда каури үлүлдөрү, Мексикада кокос, Меланезияда доңуздун (чочконун) куйруктары, Каролинг аралдарында тегирмен таштары, Байыркы Грецияда темир зымдар. Адамдар акча катары мал, булгаары, тери, тамеки, үлүл шурулары, кургатылган балык, буудай, шарап жана башкаларды пайдаланышкан. Байыркы орус акча бирдиги "куна" деп аталган, анын себеби куницанын териси пайдаланылгандыгы менен түшүндүрүлөт. Бул аталыш азыркы күнгө чейин айрым славян тилдеринде сакталып калган. Алсак, Хорватиянын акча бирдиги азыркы күнгө чейин куна деп аталат. Кытай летопистеринде акча дегенди түшүндүргөн символ каури үлүлчөсүнүн формасына ээ. Бул жөн жерден келип чыккан жок, анткени каури үлүлдөрү Кытайда гана эмес, Индия, Таиланд жана Африкада да акча каражаты катары кызмат өтөгөн. Африканын мамлекеттеринде каури үлүлдөрү төлөө каражаты катары 19-кылымга чейин кызмат кылган. 1948-жылга чейин нигер уруулары жез билериктерди (маннил) акча каражаты катары пайдаланышкан. Кыргызстандын аймагында алгач тыйын чычкандын териси, кийин күмүш туяк-жамбы төлөө каражаты катары кызмат кылган. Акча жөнүндө кененирээк маалыматты төмөндөгү шилтемеден караңыз.

Жайгаштыруу: 2019-08-06, Көрүүлөр: 18780, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-12, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу