TYUP.NET
Баш барак | Адабият | Неге кечигет (ыр, 1942-жылдын жазына)

Неге кечигет (ыр, 1942-жылдын жазына)

Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.

Неге кечигет (ыр, 1942-жылдын жазына)
АвторАлыкул Осмонов
ДатаБелгисиз
ЖериБелгисиз

Эсимде... Бир жолу эмес, нечен ирет
Бул айда тоо боорунан гүл терчү элек.
А быйыл... күн жылыбайт, жер тегиз кар,
Шумдук ай, неге мынча жаз кечигет?

Алда эмне? Алмаштырып сан кылымды,
Өзгөрбөй келе берип ар бир жылы,
Же биздин каршы келип бактыбызга,
Алсырап, жол жүрө албай чарчабады?

Анда эмне?.. Жашообуздун негизгиси,
Келатып бир кырсыкка кезиктиби?
Болбосо, үйү алдында гүлдөрү аз деп,
Же бизге таарынуунун белгисиби?

Эл жүдөп, жан-жаныбар арыктады,
Сулуу жаз, бул кандайча сагынтканы?
Болбосо, ак иреңи сары болуп,
Байкоосуз катуу ооруга чалдыкканбы?

Жок жаным, чарчабаган, таарынбаган...
Жогорку үч себеп тең бирдей жалган.
Эмесе кечигүүнүн чын себеби:
Немецтин уулуу огунан жараланган.

Көрүүлөр: 449
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.