Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Натюрморт

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Натюрморт

Француз тилинен которгондо натюрморт - жансыз табият дегенди билдирет. Адам пайдаланып, дайыма көрүп-билип жүргөн нерселердин, буюмдардын сүрөтү натюрморт деп аталат. Буюмдар адамдардын турмушун, табитин, адаттарын көп жагынан мүнөздөйт. Кездемелер, идиш-аяктар, гүлдөр, жашылча-жемиштер, деңиз азыктары, анчылык олжолору ар түрдүүчө айкалыштырылып тартылган сүрөттөр бизди курчап турган дүйнөнүн ажайып кооздугу жана көп түрдүүлүгү жөнүндө айтып турат, аны көргөн адам капаланып муңайыңкы маанайга чөмүлөт же көңүлү көтөрүлүп кубанычка батат. Ар кайсы заманда жана ар кайсы жерден чыккан сүрөтчүлөр живопись, графика, скульптура чегилип тартылган сүрөт түрүндө натюрмортторду түзүшкөн. Өзгөчө 17-кылымдагы голланд жана фламанд сүрөтчүлөрү Ф. Снейдерс, В. Хед жана башкалардын натюрморттору жалпыга кеңири таанымал.

Сүрөтчүлөр табият адамга тар туулаган түркүн жер-жемиштердин молдугун, адам жараткан буюмдардын кооздугун, асемдигин даңкташкан. Сүрөтчүлөр И. Э. Грабарь, М. С. Сарьян, П. П. Кончаловский, И. И. Машков жана башкалар натюрморттун мыкты чеберлери болгон. Кыргызстанда С. Чокморов жана башкалар натюрморт сүрөттөрүнө көп кайрылган. С. Чокморов Натюрморт 1967 сүрөттөрүндө кыргыз боз үйүнүн ичиндеги тамак-аш буюмдарын түшүргөн. Керегенин фонунда төөнүн терисинен жасалган кымыз сабасы, оң жагында баштык куржун, ортодо кымыз куюлуучу көөкөр, мис кумган жана батыныс (поднос), ичинде жыгач чөмүч салынган арча табактардын үстүнө жараша боёктор таамай тандалып, кыргыз элинин кылымдар бою пайдаланып келген ашкана эмеректери өзүнчө кооз-дукка ээ болуу менен өз ара шайкештикти түзүп турушу көргөн кишинин назарына түшпөй койбойт. Өтө жөнөкөй жана кадимки эле биз көрүп жүргөн ашкана буюмдары өзүнүн таң каларлык байлыгы менен көрүүчүгө жагымдуу таасир калтырат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 5018, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу