Фритьоф Нансен - Норвегиялык белгилүү саякатчы жана окумуштуу. 19-кылымдын аягындагы көптөгөн изилдөөчүлөр сыяктуу эле аны да түндүк уюл кызыктырган. Ал жакта эмне бар, кургак жерби же океанбы? бирок кемелер түндүктү көздөй арылап сүзө албады, анткени океанды муз каптап жаткан. Көңүлдү азгырган бул сырдуу жерге жетүүнүн жолун эч ким билбеди. 1884-жылы Гренландиядан музга тоңуп калган буюмдарды табышат. Алар америкалык Жанетта деген кемеге таандык экен. Бул кеме Гренландиядан чыгыш жакта алыс жайгашкан Жаңы Сибирь аралдарынын жанында үч жыл мурда музга кысылып талкаланган эле. Табылга тууралуу билгенден кийин Нансен: Демек, муздак деңиз агымынын жана шамалдын таасири менен калкып жылып жүрөт турбайбы - деген ойго келди.
Ал муздар кысканда талкаланбасын үчүн жумуртка сымалданган өзгөчө формадагы кеме куруп, муз менен кошо Түндүк Муз Океанында калкып жүрүүнү чечет. Эч болбогондо муздар менен кошо калкып жүрүп маанилүү байкоолорду, изилдөөлөрдү жүргүзүүгө болот да. Нансендин долбоору боюнча Фрам (Алга) деген корабль курулат. Фрамда калкып жүрүп, Нансен көптөгөн ачылыштарды жасады, мисалы, Түндүк Муз океанынын терең экендигин аныктайт, муздардын кыймылын, океандын суусун изилдейт. Бирок тилекке каршы Фрам уюлга жакындаган жок, муз башка тарапка четтеп жылды. Ошондо Нансен жаш лейтенант Иогансенди кошуп алып, ит чегилген чана менен уюлга жөнөйт. Ал тажрыйбалуу уюл саякатчысы болгон, буга чейин Гренландиянын муз чөлүн кесип өткөн. Анын шериги да жол жүрүүгө мыкты машыккан адам эле. Бирок бирде чокмороктошуп дөбөлөнгөн, бирде ажырап, жаракасынан деңиз суусу көрүнгөн муздар аркылуу өтүү ушунчалык оор, кыйын болгондуктан, Нансен кайра кайтууну туура тапты. Саякатчылар Франц Иосиф жеринде таш менен муздан эскимостордукундай жеркепе жасашып, ошондо кыштап чыгышты. Күзүндө алар ак аюу атып алышты.
Анын эти азык болду, териси кепени жылуулады. Кышында суу жолборско анчылык кылышып, майынан шам жасашты. Мына ошондуктан узун уюл түнүндө караңгыда калышкан жок. Ден соолугу чың, күч-кубаты мол саякатчылар жазында түштүктү көздөй жөнөштү. Алардын көздөгөнү - Шпицберген аралына баруу, андан ары кандайдыр бир кеме менен Норвегияга жетүү. Жол оңутун издештирип көрүү үчүн саякатчылар эки жакка кетишти. Белгилүү бир жерден кезикмек болушту. Мен бирде ишенип, бирде күдүктөнүп бир кызык ойлордун кучагында келе жаттым - деп жазган Нансен. - Капилеттен эле адамдын, болгондо да ушул үч жылдын ичинде биринчи жолу адамдын үнүн уккандай болдум.
Тегерегимди карасам муз кырканын белинен бир караан көзүмө чалдыкты. Ал ит экен, бирок анын артынан дагы бир караан чыкты. Бул адамдын карааны эле. Биз бири-бирибизге бат-бат басып жакындадык, мен тумагымды башымдан алдым, тиги да ошентти. Бири-бирибизге кол керип, чын дилден ал-жай сураштык. Айлананы жоо туман басып турган, бизди бүт дүйнөдөн бөлүп таштагансыйт, бут алдыбызда көпкөк муз, алыстан жер бүдөмүк көрүнөт. Айлананын баары муз, мөңгү, туман. Алдымда англис костюмун кийген тыкан, маданияттуу европалык адам, ал эми анын бет алдында - тытык кийимчен, бетиндеги майлуу ыштын калың катмарынан сары чийкил өнү билинбей калган, жапайы кебетеленген неме - мен турдум.
Каршымдагы киши капыстан токтой калды да, мени үңүлүп карап: - Сен Нансен эмессинби? - деп шаша сүйлөдү. - Ооба, бул мен. - Сизди көргөнүмө ишенбей турам. Андан кийин ал менин колумду бекем кысып, силкилдетти, жүзүнөн бул күтүлбөгөн жолугушууга чын-дилинен кубанганы көрүнүп турду. Бул адам англиялык изилдөөчү Фредерик Жексон экен.
Алардын жеркепесинен анча алыс эмес жерде мыкты жабдылган бүтүндөй бир экспедиция тургандыгы Нансендин оюна да келген жок. Эми Норвегияга жетүү маселеси оңой эле чечилди, Жексондун экспедициялык кемеси менен кетишет. Фритьоф Нансен мыкты изилдөөчү, илимпоз, кайраттуу, ары эр жүрөк саякатчы гана эмес, абдан ак көңүл, адамдарга жакшылык санаган гуманист адам болгон.