Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Музоолорду багууда орчундуу кеңештер

Баш барак | Ветеринария | Музоолорду багууда орчундуу кеңештер

Уузду эмизүүнүн маанилүүлүгү. Музоо жаңы туулар замат ага ууз эмизүү керек. Азыктандырууну кечиктирүү же жетишерлик ууз бербөө музоонун өлүмүнө алып келиши мүмкүн.

Ууздун сапатын кантип аныктоого болот? Ууздун сапаты бир көргөндө эле билинет, жакшы ууз крем сыяктуу консистенцияга ээ болот, өңү саргыч келет. Музоо бир жолкусунда өзүнүн салмагынан 4-5% болгон көлөмдө ууз ичиш керек (мисалы, эгерде музоонун салмагы 40 кг болсо 2 литр).

Уузду качан берүү керек? Музоо жерге түшүп, нормалдуу дем ала баштаганда жана анда соруу рефлекси пайда болгондо эле ага уузду эмизе баштаса болот. Бирок уузду музоо туулгандан кийин бир сааттан кечиктирбей берүү керек. Экинчи эмизүү музоо туулгандан кийин 6-9 сааттын ичинде кайталанышы зарыл. Эгерде биринчи жолку эмизүү кандайдыр бир себептер менен кечиктирилсе, анда алгачкы 24 саатта тез-тез эмизип туруу максатка ылайык, анткени музоо өзүнүн денесине зарыл заттарды жетиштүү көлөмдө алганга үлгүрүшү керек. Музоого берилүүчү ууздун температурасы музоонун өзүнүн денесинин температурасы менен бирдей болушу керек.

Музоого сүттү канча берүү керек? Ар бир 10-12кг тирүүлөй салмакка 1 литрден кем эмес сүт берүү эрежесин пайдаланган ылайыктуу жана энесинен бөлүнгөнгө чейин ушул өлчөмдө ичип турса жакшы натыйжа берет.

Сүттү алмаштыргыч заттарды колдонууга болобу? Бул көбүнчө баасына жараша болот, тагыраак айтканда, эгерде сүттүн баасы сүт алмаштыргыч заттардын баасынан жогору болсо, анда сүт алмаштыргыч заттарды пайдалануу үнөмдүү болот. Бирок сүт алмаштыргыч заттарды пайдаланып чоңойткон музоолордун өсүшү ынак сүт берип бакканга караганда 10-15% төмөн болоорун эсиңизден чыгарбаңыз.

Чөптү качан берип баштоо керек? Музоо жаны туулгандан кийин 10 чакты күн өткөндөн кийин ага чөп жегенди үйрөтө башташ керек. Биринчи аз аздан бере баштап акырындап анын нормасын көбөйтө берүү керек, 3 айлык кезинде 1,3-1,4 кг, ал эми 6 айлык музоого 3 килограммга чейин жеткирүү зарыл.

Концентратар менен 15-20 күндүк музоолорду тоютандыра баштаса болот, ал эми 3 айлык болуп калган кезде концентратталган тоюттардын нормасын 1,2– 1,6 жеткирүүгө болот.

Минералдык кошулмаларды музоолор 20-21 күндүк болгондо жемге кошуп бере баштаса болот.

Чыктуу тоюттарды музоолорго 20 болгондон тартып анын рационуна бышырылган картошканы, 1,5 ай болгондо тууралган сабиз, кызылча берип баштаган туура болот.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 773, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо