Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү
Баш барак | Пайдалуу кенештер

Мүнөздөмө

Акыркы оңдоо:

Мүнөздөмө — бул мекеме жетекчисинин же коомдук уюмдун атынан кызматкерге берилет жана анын билими, жөндөмдүүлүгү, жалпы тартиптүүлүк, жүрүш-турушу, ишке мамилеси, чеберчилиги мүнөздөлөт.

Мүнөздөмө кызматкердин өтүнүчү боюнча же башка мекеме, уюмдун өтүнүчү боюнча берилет.

Мүнөздөмө көпчүлүк учурда окуу жайына тапшырууда, кызматка бекитүүдө же чет өлкөлөргө жөнөгөндө кызматкердин абалы менен таанышуу максатында берилет.

Мүнөздөмөдө ишмердүүлүк, коомдук милдеттер, кызматкердин жүрүш-турушу, анын жеке кадыр баркы жана кемчиликтери чагылдырылышы керек.

Электрондук иш-кагаздар жүгүртүүгө активдүү киргизилип жатканына байланыштуу, кагаз түрүндө алынбашы мүмкүн. Муну тактоо максатында мүнөздөмө берилүүчү же алынуучу мекемеге кайрылуу маанилүү.

Мазмуну

Бөлүмчөлөр

Мүнөздөмөнүн мазмуну өз ара байланыштагы бөлүктөрдөн турат. Биринчи бөлүктө эмгек ишмердигинин башталышы, иштеги өзгөрүүлөр жөнүндө баяндалат.

Экинчи бөлүктө кызматкердин ишке болгон мамилеси, адис катары чеберчилиги жана жөндөмдүүлүгү, дасыгын жогорулатуусу, анын коомдук иштерге катышуусу, анын кызматташтары, жакын адамдар жана эмгек жамааты менен мамилеси, анын сыйлыктары тартип жана административдик жазалары айтылат. Мүнөздөмө А-4 форматындагы бланкка жол-жоболоштурулат.

Үчүнчү бөлүктө мурунку эки бөлүктөн келип чыккандардан жыйынтык чыгарылат жана мүнөздөмө кандай максат менен берилгени көрсөтүлөт. Бул иш кагазынын аягына уюмдун жетекчиси кол коёт, өзүнүн мөөрү менен ырастайт жана өтүнүчү боюнча мүнөздөмө жол-жоболоштурулуп жаткан уюмдун же адамдын дареги көрсөтүлөт.

Мүнөздөмө адамдын колуна берилет же электрондук иш-кагаз жүгүртүү аркылуу суралуучу/берилүүчү жакка жөнөтүлүшү мүмкүн, ошондой эле, кадимки почта аркылуу дагы жөнөтүлүшү мүмкүн.

Түрлөрү

Бул иш кагазы «Өндүрүштүк мүнөздөмө» жана «Мүнөздөмө – жолдомо» болуп эки түргө бөлүнөт.

Өндүрүштүк мүнөздөмө

Ал жетекчинин атынан жазылат жана анда кызматкердин ишке мамилеси, адамдын мүнөзү жана адамдык, адистик сапаттары көрсөтүлөт.

Мүнөздөмө-жолдомо

Бул уюм же мекеме тарабынан берилип жамааттын чогулушунда бекитилет. Бул мүнөздөмө башка ишке өткөндө же кызматы жогорулаганда берилет. Бул иш кагазынын аягында чогулуштун болгон убактысы, протоколдун номуру көрсөтүлөт жана жетекчинин колу, мүнөздөмө берилген күн, жана гербдүү мөөр коюлат.

Үлгү

Мүнөздөмөнүн маалымдаректери

  1. Мүнөздөмө алуучу жөнүндө маалымат:
    • а) мүнөздөмө алуучунун иш орду (окуу орду);
    • б) туулган жылы;
    • в) улуту;
    • г) билими;
    • д) аты-жөнү
  2. Мүнөздөмөнүн аты.
  3. Иш кагазынын тексти.
  4. Мекеме жетекчисинин аты-жөнү, кызматы.
  5. Мекеме жетекчисинин колу.
  6. Берилген күнү.
  7. Мөөр (эгер электрондук болсо, электрондук кол тамга).

Схемалык берилиши жана анын астында docx форматында дагы берилет.

Ж.Баласагын атындагы
Кыргыз Улуттук университетинин
4-курсунун студенти
Дүйшеев Туратбек
1980-жылы туулган,
улуту – кыргыз
Мүнөздөмө

Дүйшеев Туратбек филология факультетинде 2000-жылдан бери окуйт. Ал алдына билим алуу максатын коюп өзүн жакшы жагынан көргөзө алды. Ал атайын курстарга, дарстарга, семинардык сабактарга дайыма катышып, өзүнүн теориялык билимин тереңдетүү үчүн зор аракет жасап жатат. Студент 2002-жылы Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлгөн илимий конференцияда «Кыргыз элинин жазмасынын тарыхы» темасында атайын билдирүү жасады. Бул билдирүү жогорку деңгээлде жазылып, факультеттин деканы Т. Дүйшеевге алкыш жарыялады. Студент Т. Дүйшеев факультеттин коомдук иштерине жигердүү катышат. Мындан сырткары ЖОЖдор арасындагы «Эне тилим – эне сүтүм» сынагынын жигердүү катышуучусу болуп, факультеттин аброюн көтөрүүдө өзүнүн салмактуу салымын кошту.

Ал факультеттин Студенттик кеңешинин төрагасы жана топтун старостасы. Студенттер арасында кадыр-баркка ээ жана башкаларга жардам көрсөтүүгө аракет кылат, аларга камкордук көрөт. Окутуучулар менен сылык, мүнөзү токтоо, тырышчаак жүрүш-турушу менен айырмаланып турат. Бул мүнөздөмө Т. Дүйшеевге Президенттик стипендия алуу үчүн сынакка катышуу үчүн берилди.

Факультеттин деканы
педагогика илимдеринин
доктору, профессор
(колу) Н.Ишекеев
Катчы(колу) Н.Бакирова
19.10.2004-ж.

Окуучуларга мүнөздөмө

Мүнөздөмө

Берилет ушул мунөздөмө Мамыров атындагы орто мектебинин окуучусу Мамыров Майсалбекке.

Мамыров Майсалбектин сабактарды өздөштүрүүсү жакшы. Сабактарга жоопкерчиликтүүлүк менен калтырбай катышат. Мугалимдердин берген тапшырмаларын өз убагында аткара билет. Башка балдардан өзгөчөлөнүп класстан тышкаркы иштерди уюштурууда активдүү катышат. Актердук чеберчилик жагынан шыктуу. Ошондой эле спорттук оюндарга кызыгуусу өзгөчө. Мектептин спорттук курама командасынын мучөсү. Спорттун бир канча түрлөрүнө катышып, аймактык, райондук олимпиадаларга катышып бир канча жолу «Ардак грамоталар» менен сыйланган. Мектептеп социалдык жашоосуна активдүү катышат.

Мамыров Майсалбектин мүнөзү шайыр, ак көңүл, мекенчил бала. Классташтары менен мамилеси жакшы. Окуучулардын арасында кадыр баркка ээ. Улууну урматтай, кичүүнү сыйлай билген жакшы сапаты менен адептүү балдардын катарын толуктап турат.

Класс жетекчиси:

Мүнөздөмө үлгүсү (.docx)
Капашев Э. Д., Көрүүлөр: 1278, Оңдоо тарыхы
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо