Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мультфильм

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Мультфильм

Кезектеги теле берүүдөн кийин, фантазиядан жаралган кооз, ажайып дүйнө көрсөтүлө баштайт. Мында силер китептердеги сүйүктүү каармандарыңар, атап айтканда чатырдагы шок Карлсон, күлкүлүү мамалак Винни-Пух, ак көңүл жана бир аз муңайыңкы крокодил Гена, үлбүрөгөн ак кызы (Белоснежка), даанышман Толубай сынчы менен кездешесиңер. Сүрөт же куурчак түрүндөгү кейипкерлер кудум тирүү сыяктуу - кубанып, кайгырышат, акылга сыйбаган керемет иштерди жасашат... Силер, албетте, мультфильмдердеги сүйүктүү каармандар: арстан Бонифацийди, Винни-Пухту, Крокодил Гена менен Чебурашканы, Микки Маусту, Шрэкти жана Кунфу Пандадагы Пону тааныган чыгарсыңар. Бирок бул эч кимди таң калтырбайт, биз мультипликацияда баары мүмкүн экенине көнүп калганбыз. Бул керемет кандайча жаралат болду экен? - деп чанда тана бирөөбүз ойлонобуз.

Кереметти экрандын ак көңүл сыйкырчылары - сүрөтчү-мультипликаторлор жаратат (азыркы кезде компьютердин жардамы менен аниматорлор жаратат). Келечектеги мультфильмдердин сүрөт каармандары мына ушулардын колу менен жанданат. Кейипкерди жандантуу оңой иш эмес. Анткени, чыныгы турмушта Карлсон да, Чебурашка да, Шрэк да жок. Аларды сүрөтчү жайнаган сүрөттөрдү тартып жасайт. Кейипкер кичине эле кыймылдап же көзүн ирмеш үчүн ондогон сүрөт тартуу керек. Бул көз ирмемдик гана кыймыл үчүн. Ал эми бар болгону он минуталык фильм үчүн канча сүрөт тартуу керек? 115 миңдей сүрөт керек.

Ал сүрөттөрдү ак кагазга тартып тим болбостон целлулоидге көчүрүп, боёо, андан кийин мультстанокко коюп кадр артынан кадр тартуу зарыл... Бул кыйын жана машакаттуу жумуш. Албетте, жалгыз сүрөтчү мындай зор жумушка шаасы келбейт. Ошондуктан мультфильм тартууга ар түрдүү адистиктеги сүрөтчүлөрдүн чоң тобу катышат. Азыр мультфильмдердин сүрөттөрүн компьютерде тартышат. Мультфильм фантазия менен кыялды өстүрүп, ички дүйнөбүздү кеңейтет. Кызыктуу, көңүлдүү, нускалуу мультфильмдерди балдар да, чоңдор да берилип көрүшөт.

Мультфильмди анимация (кыргызча айтканда - тирилген сүрөттөр) деп да атайбыз. Ал 1877-жылы француз инженери Эмиль Рейнонун праксиноскоп деген механизминен башталган. Ошол механизмдин жардамы менен тартылган сүрөттөрдүн кыймылдаганын көргөнгө мүмкүнчүлүк тапкан. Бирок, аны бир эле адам көрө алган. Кийин муну изилдеп, бир эле эмес, бир нече көрүүчүлөргө ылайыкташтырган.

Анын биринчи изилдөөчүлөрү: Эмил Коль, Уиндор Мак-Кей, Жон Стюарт, Блектон, Пай-Салливен жана Отто Месмер, Флейшерлер болгон. 20-кылымдын 20-40-жылдары мультипликацияга жаңы режиссерлор - экспериментаторлор келишет: Л. Райнигер, А. Алексеев, В. Рутман, Н. Мак-Ларен мультфильмди тартуу үчүн ар кандай жаңы жолдорун табышкан. 1977-жылы дүйнөлүк мультипликацияга (анимацияга) жүз жыл толгондо Кыргызфильм киностудиясында кыргыз мультфильмдерин чыгаруу үчүн анимациялык тобу уюштурулган. 1978-жылы экранга Сандардын чатагы аттуу биринчи тасмасы чыккан. Ал тасманы улуттук кыргыз мультипликациясынын негиздөөчүсү Сагынбек Ишенов чыгармачылык тобу менен бирге чыгарган. Алар: В. Белов, Б. Жумалиев, Т. Мусакеев, Т. Маматюсупов, Ш. Жекшенбаев, Ж. Медетов, А. Төрөбеков, У. Жайлообаев жана башкалар.

Ар бир автордун, режиссердун, сүрөтчүнүн өзгөчө кайталангыс, көркөм көз карашы болгон. Кыргызфильм киностудиясында кыркка жакын мультфильм тартылган. Мисалы: ар бир сандын өзүн гана эң керектүү деп эсептелгенден чыккан Сандардын чатагы, кыргыздын улуу инсандарынын бири, залкар акыны Алыкул Осмоновдун турмушу жана чыгармачыл жолу жөнүндөгү Акын жана ачкөз суур жөнүндө, анын аябай саранчылыгы акырында кандай жокчулукка алып келгендиги тууралуу Плывущее яблоко, элдин эрдиги жана биримдиги жөнүндөгү Чептен эрдин күчү бек, ошондой эле Толубай сынчы, Саймалуу жомок, Эки бөжөк, Акыл карачач, Куйручук, Сандык жана башка мультфильмдерин атоого болот. Анын ичинен бир тобу ар кандай фестивалдарда байгелерге ээ болгон.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1886, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо