15-19-к-да кыргыздар ез алдынчалыгын сактап калуу учун курошун уланткан. Ошол мезгилде Орто Азия, Моголстан ошондой эле Казакстанда чон саясий окуялар болуп откон. 15-кылымдан тартып, Алатоо аймагы туруктуу саясий-мамлекеттик аталышка ээ боло баштаган. Кыргыздын уруу жетекчилери моголдорго баш кайырбай, башкарууну оз колдоруна ала башташкан. Моголстан ички ырк кетуудон жана тышкы душмандардын кесепетинен ыдырай баштаган кезде Мухаммед кыргыз урууларынын башын бириктирген. Мухаммед (санжырада Тагай бий деп айтылат) азыркы учурда Кыргыз жергесинде жашаган кыргыз урууларын он, жана сол канаттарын биринчи болуп бириктирип, бекемдеген. Ал 1508-жылы ак кийизге салынып хан которулгон. Ислам динин кабыл алып, аны элге жайытканы учун ага Мухаммед Кыргыз аттуу ысым ыйгарылган. Мухаммед кыргыз урууларынын биригишинин келечегин коро билип, сырткы алаканы да ошого ынгайлаштырган. Могол хандары Кыргызстанды жана Казакстандын туштук-чыгыш аймактарын басып алууга аракет кылып жатканда, Мухаммед аларга каршы озуно ишенимдуу боордош боло туруучу казак султандары менен ымала тузо баштайт.
Сырдарыянын жээгиндеги шаарларды, о. э. Орто Азиянын жердешкен жерлерин ээлеп алууга аракет кылган. Шейбанилерге каршы аттанган казак султандарынын жортулунда кыргыздар Мухамеддин жетекчилиги менен активдуу катышат. Кыргыз кошуундары Туркстан, Сайрам, Ташкен, Анжиян, Аксы ошондой эле башка аймактарга чейин жеткен. Туркстанга жортуулдун убагында ал озбоктердин ханзаадасы, ошол убакта Самарканда акимдик кылып турган Кучкунчи хан уулу Абдулланы туткунга тушуруп алып, бирок кайрадан эркиндкке бошотуп жиберген. Бул окуя Султан Сайд ханы учун кыргыз элин чаап алууга шылтоо болгон. Моголдор кыргыздарды 1517-жылы басып кире баштаган. Ал убакта Мухаммеддин ордосу Ысыкколдун туштугундогу Барскоон аттуу жерде болуучу.
Бул согушта кыргыздардын колу талкаланып, Мухаммед туткунга тушуп, Кашкарга алып кетишет. Бирок, абакта копко кармашпай саясий абалды салмактап туруп, Сайд хан аны 1518-жылы туткунда эркиндикке чыгарып, 1522-жылы озунун уулу Абдар Рашид менен бирге мекенине жонотот. Алатоо жергесине келген сон Мухаммед кайрадан кыргыз урууларына жетекчи болуп, моголдорго каршы мурдагыдан да кучтонуп куч топтой баштайт. 1524-жылы кыргыз жерине (Кочкорго) казактардын ханы Тахир келет. Моголдорго каршы Мухаммед Кыргыз аны менен ымала тузот. Аны билип калып, Султан Сайд 1525-жылы Мухаммедди карматып, Кашкарга айдап жиберет, ал жерде Мухаммед (1533-ж.) хан олгонго чейин болот. Мухаммед Кыргыз 14 жыл ботон жерде туткунда болгону менен, ал эли менен байланышты узбой, коздогон максатынан баш тарткан эмес.
Могол хандарынын Тундук Кыргызстанды ээлеп алууга жасаган аракеттери ишке ашкан эмес. Кыргыздар казактар менен биргелешип, оз эркиндигин коргой алышкан.