Эмне суу түбүндө бир буттап жылат? Эмне өз үйүн дайыма көтөрүп жүрөт? Эмненин буту башында жана башын коргоп турат? Булардын бардыгы - моллюскалар жөнүндөгү табышмактар. Бактагы үлүл бакта, суудагы үлүл сууда, ал эми устрица деңизде жашайт, бирок бул жаныбарлардын бардыгы тең - моллюскалар, анткени алар былпылдаган жумшак денелүү. Жылаңач, мажүрөө үлүл душманынан кабыгына кирип жашынат. Суу үлүлүнүн кабыкчасы бир ооздуу, ал эми тишсиз үлүлдүкү - эки ооздуу. Моллюскалар өзүнүн чеп-үйүн өзүнө өз денесинен курат.
Устрица өзүнүн үлүл кабыкчасына зарыл өлчөмдө кальций алуу үчүн денеси аркылуу 770 литр деңиз суусун өткөрөт. Кээде моллюскалардын эки ооздуу үлүл кабырчыктарына кумдун бүртүкчөсү, курт-кумурска түшүп калат. Моллюскалар бөлүп чыгарган седеп бара-бара аны каптап, улам тоголоктонуп чоңоё берет. Бермет (жемчужина) мына ушундайча жаралат. Японияда зергер - моллюскаларды багып, алардан асыл берметтерди алуу үчүн суу астында атайын фермалар түзүлгөн. Тередо деген моллюскалар кемелерге зыян келтирет. Анын жыгач тетиктерин айланма кабырчагы менен тешип кирет, бирок кайта чыга албайт.
Анткени тешикти ал личинка кезинде теше баштаган, эми чоңоюп кеткендиктен кайра артка кете албайт. Ошентип, тередо өзүн-өзү камап коёт! Моллюскалар үйдүн ээси гана эмес, алар өз үйүн өзү көтөрүп жүрөт. Тишсиз үлүл жалгыз бутун чыгарып, жер таяна бир саатта 20 см жылат. Ал эми деңиз кулакчасы - үлүлдөрдүн эң күлүгү. Ал бир секундада бир метрге жылат.
Осьминог (сегиз буттуу) менен кальмардын кабыкчалары жок. Бирок бут катары да кызмат кылуучу тинтүүлөрү бар. Алар баш жагында жайланышкан, ошондуктан кальмар менен осьминог сыяктууларды баш буттуулар деп коюшат. Осьминог уктап жатканда анын алты буту кыймылсыз жатат, калган экөө аны кайтарып соймоңдоп, тынымсыз тегеренип турат. Чоң осьминогдун ар бир тинтүүрүнүн боорунда 300дөн ашык жабышкак соргучу болот да, анын ар бири бир нече килограмм оордукту түшүрбөй кармап тура алат. Кальмардын өтө кызыктуу өзгөчөлүгү - анын өз алдынча эле бир реактивдүү кыймылдаткыч катары сууда сүзө алгандыгында. Анын мантия деп аталган тери жабындысынын ичине суу кирет. Кальмар булчуң эттерин жыйрып, мантиясынын астындагы тери түтүкчө-воронка аркылуу сууну артка сыгып чыгарат. Ошентип, сыгылып чыккан суунун түрткүсү менен саатына 40км ылдамдыкта ракета сыяктанып зымырылып жөнөйт, бул сууну түртүп чыгаруу менен суу үстүндө жүрүүчү скутердин кыймылдаткычына окшош. Кыйын болсоң кууп көр! Кальмарды түзүктөп көрүү да кыйын, анткени ал өзүнүн сыялуу баштыкчасынан суюктугун чыгарып, сууну ылайлатып тумандатып жиберет.
Кальмардын ал суюктугунан жасалчу күрөң боёкту - сепияны сүрөтчүлөр өтө жогору баалайт. Кальмар, осьминог, устрица, мидиялардын эти желет. Мидияларды багуу пайдалуу иш, бир гектар деңиз аянтынан 6 миң кг эт алууга болот. Биздин өлкөдө мидиянын айрым түрлөрү көлдө багып өстүрүлөт. Мидияны аквариумдарда да өстүрүүгө болот.