Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Метро

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Метро

Абайлагыла, эшик жабылат. Эмки станция - Манас проспектиси - деп эскерткен үн радиодон угулары менен көгүлтүр поезд бат эле катуулап тоннелге кирип кетти. Кеңири, жарык вагондордо жүздөгөн жүргүнчү бар. Ар ким өз иши боюнча: жумушка, институтка, дүкөнгө барышат. Бардыгы камырабай аңгемелешип, китеп же гезит окушууда. Эч кимиси кечигип калам деп чочулабайт. Метро поездине көчө кесилиштери да, автомобилдер да, жөө адамдар да жолтоо кылбайт. Ал жер астындагы тоннелде баратат.

Составды график боюнча так жана өз убагында коопсуз жүргүзүүдө айдоочуга акылдуу приборлор жардам берет. Жүргүнчүлөрдү чоң шаардын бир четинен экинчи четине жеткирүү үчүн болгону жарым саат убакыт кетет. Мындай шаардык темиржолдун толук аталышы - метрополитен. Ал метрополис деген грек сөзүнөн алынган башкы шаар, борбор дегенди билдирет. Алгачкы метро мындан жүз жылдан ашуун мурда Англиянын борбору - Лондондо курулган. Ал эми 1935-жылы 15-майда метро поезд Москвада жүрө баштаган. Ал кезде Москва метросунда болгону 13 гана станция бар эле. Азыр Москва метрополитени дүйнөдөгү эң мыкты метрополитен болуп эсептелет. Москва метросунун станциялары менен вестибюлдары ар кандай өңдөгү мрамор, мозаика менен капталып, түркүн түстүү сүрөт салынып кооздолгой. Анда кышкысын жылуу, жайкысын салкын.

Метро коомдук транспорттун эң ыңгайлуу, ылдам жана ишенимдүү түрү. Жалпы узундугу 200 чакырымдай келген метро линиялары шаардын ортосун чет жакадагы райондор, жаңы турак жай массивдери менен байланыштырат. КМШ өлкөлөрүнүн Санкт-Петербург, Киев, Тбилиси, Баку, Харьков, Ташкен, Горький, Ереван, Минск шаарларында метролор курулган. Метрополитен сөзсүз эле жер астындагы темир-жол эмес. Дүйнөдөгү айрым шаарларда метро поезди көчөнүн үстүнө, үйлөрдүн ортосуна орнотулган узун бетон же болот эстакада (асма жол) менен жүрөт. Албетте, мындай поезддердин күркүрөөсү шаардыктардын тынчын абдан алат. Метрого түшүү жүргүнчүгө өтө ыңгайлуу. Поезд ылдам жүрөт.

Муну камсыз кылуу үчүн жер үстүндө жана жер астында көптөгөн ар түрдүү машиналар иштейт. Машина поездге электр энергиясын берет, станциялар менен тоннелдерди жарык кылып желдетет, аларды жайы-кышы бирдей температурада кармап турат. Биз түшкөн поезд акырындай баштады. Манас проспектиси станциясы. Айланма линияга ушул жерден түшөт - деген эскертүү угулду.

Бардык вагондордун эшиктери тегиз ачылып, биз платформага чыгабыз. Кыймылдуу тепкич эскалатор бизди жогору көздөй алып жөнөйт. Мына, көчөгө да чыктык. Ошентип саякатыбыз аяктайт. Жер астындагы метрополитен поезди - эң ыңгайлуу транспорт. Өтө ылдам жүрүүчү бул поезддер жүргүнчүлөрдү шаардын ар кайсы жерине тез эле жеткирет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 662, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо