Мектепке чейинки (3-6 жаш) баддардын тамактануусу


Мектепке чейинки балдардын тамактануусу ар түрдүү болуп, нандын түрдүү сортторун, ар кандай крупаларды, жашылча-жемиштерди, сүт, сүттөн жасалган азыктарды, этти, балыкты, жумуртканы камтыйт. Сүттүн көлөмү азайганга карабастан, күнүнө бул курактагы балдарга 500 мл сүт берүү зарыл. Бир жумага тамак-аштын менюсун түзөөрдө сан жана сапат жактан белоктордун, майлардын, углеводдордун, алардын бири-бирине болгон катнашын, тамактын энергиялык баалуулугун эстен чыгарбашы зарыл. Мисалы, 5 жашар баланын салмагы 18 кг болсо, ага күнүгө 60-65 г белок, 60-65 г май жана 220-250 г углеводдор керек. Ар бир грамм белок, углевод организмге киргенде 4,1 ккал, ал эми ошол эле өлчөмдөгү май 9,3 ккал бөлүп чыгарат. Ошондуктан азык заттардын жалпы көлөмү1700-1900 ккал энергияга ээ. Белокко бай азыктар (эт, балык, чанактуу өсүмдүктөр) ашказанда көбүрөөк убакыт иштелген соң, күндүн биринчи жарымында берилет.

Уйку мезгилинде тамак сиңирүү зилдердин бөлүнүшү азаят, ошол себептен баланын кечки тамагы жеңил болгону дурус. Кечинде баланы сүттөн, жашылчадан, крупадан жасалган тамактар, же башка сиңимдүү азыктар менен тамактандырат. Балдардын тамак-ашы ар түрдүү эле эмес даамдуу да болушу керек. Ал үчүн тамакка туз, жыттуу чөптөрдү (ашкөк, укроп ж. б.) кошсо болот, бирок булардын өлчөмү чоң кишиге салыштырмалуу аз болууга тийиш. Мындан башка тамак-ашты кооз идишке салып, үстүн жасалгалап берсе, баланын тамак сиңирүүсүнө көмөк болот. Айрым учурда тамак кургак же катуу болсо, чайнаганын жеңилдетиш үчүн кошумча суюк нерсени, мисалы сорпо, компот ичсе болот. Эгер тамак менен бирге суу ичилсе, тамак сиңирүү зилдери суюлат, тамак сиңирүүгө пайда алып келбейт.

Эгерде бала берилген тамактын баарысын жегиси келбесе, анын түгөтүшүн талап кылбагыла, анткени тамактан көңүлү калып калышы мүмкүн. Деги эле эне баласы жөнүндө кам көрсө, ага көңүл буруп, ойлонуп, изденип мамиле кылат, башкача айтканда тамактануусунун өзгөчөлүгүн билип, ошого ылайык тамактандырат. Дагы бир айта турган нерсе: 3 жашка чейин балага берилбеген, же аз берилген пияз, сарымсакты колдонсо болот. Себеби аларда жыттуу, учма микробдор корккон, фитонциддер деп аталуучу заттар бар. Үй-бүлөдө бирөө сасык тумоолоп калса, баланын тегерегине пияз же сарымсак коюп койсо, же балага мезгил-мезгил менен жыттатса, ага тумоо жукпайт.

2016-06-09 295 Бала гигиенасы жана тамактануусу Жыргалбекова С. 2016-06-09