Мектеп жашындагы балдардын тамактануусу мектепте окуган убакытын эске алуу менен уюштурулат. Эртең менен окуган баланын биринчи тамактануусу мектепке чейин саат 7-7.30 да, экинчи тамактанышы мектепте саат 11-12 де, түшкү тамагы мектептен келгенде саат 15-16 да, кечки тамагы саат 20 да болушу тийиш. Түштө окуган балдар эртең менен саат 8 де, түшкү тамагын мектепке чейин саат 12-13 тө, бетттим тамагын мектепте саат 16 да, кечки тамагын үйдө саат 19-20 да ичишет. Ошондо эртең мененки азыгы күнүмдүк тамак-аштын 25%, экинчи тамактануусунда 15-20%, түшкү азык 35-40%, бешимдеги жана кечки тамагы 20 пайызга жакын өлчөмдөрдү түзөт. Окуучулар мектепте 4-6 саатка чейин жүргөндүктөн ошол убакытта бир маал тамактанбаса алардын ахвалы, ден-соолугу начарлайт. Ошондуктан мектепте ысык тамак уюштурулбаса, балага ылайык тамак салып берүү керек. 6 жашар окуучулардын тамактануусуна мектептин жетекчилери, ата-энелер чоң көңүл бурушу зарыл, себеби алар бүкүлү тамактарды жакшы өздөштүрө албайт. Бул курактагы балдарга жакшы майдаланган ботко, пюре түрүндөгү тамак-аштар, сүт азыктары, жашылчалар берилет. Балдардын өспүрүм курагы организмдин тез өсүшү-өөрчүшү менен мүнөздөлөт, ошол себептен булардын тамактануусунун сапатына көз салуу керек. Алардын тамак-ашында толук баалуу белоктор, түрлүү витаминдер болсо алардын ден-соолугу чыңдалат.
Өспүрүм мезгилде балдардын жана кыздардын жыныстык жетилүүсү жүргөн соң, алардын организминин муктаждыгы айырмалана баштайт. 1-таблицада мектеп жашындагы балдарды тамактандыруучу азыктар жана алардын күнүмдүк өлчөмү грамм менен берилген.Балдардын күнүмдүк тамак-ашы, гр менен
Тамак-аш | Жашы | |||
7-10 | 11-13 | 14-17 | ||
Кыздар | Балдар | |||
Сүт | 500 | 500 | 500 | 500 |
Быштак | 40 | 45 | 50 | 50 |
Каймак | 15 | 15 | 15 | 15 |
Эт | 140 | 175 | 220 | 220 |
Балык | 40 | 60 | 60 | 70 |
Кара нан | 75 | 100 | 100 | 150 |
Ак нан | 165 | 200 | 200 | 250 |
Кесме, макарон | 15 | 15 | 15 | 15 |
Буурчак, фасолъ | 5 | 10 | 10 | 10 |
Күрүч, гречка | 30 | 35 | 35 | 35 |
Кант жана таттуулар | 70 | 85 | 100 | 100 |
Жуулган май | 25 | 25 | 30 | 30 |
Өсүмдүк майы | 10 | 15 | 15 | 15 |
Картөшкө | 200 | 250 | 275 | 300 |
Жашылчалар | 275 | 300 | 350 | 350 |
Жемиштер | 150-300 | 150-300 | 150-500 | 150-500 |
Макала менен таанышуу үчүн баалар, 24 саатка (1 суткага) мүмкүндүк - 100 сом, 1 жумага - 200сом, 30 күнгө - 500 сом. Мүмкүндүк бардык макалаларга ачылат. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз кириңиз. Катталбастан маалымат менен тез таанышуу үчүн 0704286361 вотсап номерине жазыңыз.
Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.