Мажму-ат-Таварих (Тарыхтар жыйнагы)


Өткөн замандарды болуп өткөн окуялар тууралуу маалыматтарды биз тарыхый эмгектерден улам билебиз. Ошондой баалуу кол жазмалардын бири - Мажму-ат-Таварих же Тарыхтар жыйнагы аттуу чыгарма. Анын автору Фергана өрөөнүндөгү Аксыкент шаарында жашаган дамбылда Шах-Абастын уулу-молдо Сайф-ад-дин Аксыкенти. Аксыкенти чыгарманы аягына чейин бүтүрө албай калып, аны уулу Нур-Мухаммед (Нооруз-Мухаммед) жазып бүтөргөн. Мажму-ат-Таварих эмгеги 16-кылымдын аягында фарс тилинде жазылган. Чыгарманын 18-кылымдын аягы, 19-кылымдын башына таандык үч көчүрмөсү бизге келип жетти. Алардын экөө Санкт-Петербург шаарында, ал эми бири болсо, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын кол жазмалар бөлүмүндө сакталып турат. Санкт-Петербургдагы кол жазманын бирин белгилүү окумуштуулар А. Т. Тагиржанов, экинчисин В. А. Ромодин орус тилине которуп чыгышкан. Ал эми Кыргызстандагы кол жазманы кыргыз тилине которуп, китеп кылып чыгаргандар - Молдо Сабыр Досбол уулу жана Омор Сооронов. Мажму-ат-Таварихтин автору Сайф-ад-дин Аксыкенти динчил адам болуп, өз мезгилиндеги суфий уюмдарына кирген.

Ошол себептен чыгармадагы тарыхый окуялар диний уламыштарга байланыштырылып берилет. Китепти жазууда автордун башкы максаты - Фергана өрөөнүндөгү Касан шаарынын диний ишмерлери-шайыктардын тарыхын баяндоого арналган. Чыгармадагы тарыхый окуялардын өнүгүшү шайыктардын ишмердүүлүгү менен байланыштырылат. Албетте, автордун тарыхка болгон мындай ой жүгүртүүсү өз мезгилинин талабына жараша болгон. Эң кызыктуусу, аталган чыгармада Борбордук Азиядагы, анын ичинде кыргыз элинин тарыхына байланыштуу айрым окуялар баяндалат. Мажму-ат-Таварихте алгачкы жолу кыргыз элинин улуу эпосу Манастын айрым үзүндүлөрү кагаз бетине түшүрүлгөн. Тарыхый чыгармада, Манас Жакыпбектин уулу болуп, калмактын төрөсү Чонкичи уулу Жолой менен согушат. Манастын жашаган жери Таластагы Каракыштак, уруусу кыпчактын жети-кашка уругу деп берилет.

Автор Манас баатырды Аксак Темирдин заманында жашаган тарыхый инсан катары белгилеп, Токтомуш хан, Инка-Төрө (Баймурат-Черик), Камар ад-Дин, Фулад сыяктуу тарыхый инсандар менен бир мезгилде жашап, алар менен бирге согуш иштерин жүргүзгөндүгүн баяндайт. Ал эми Аксак Темирге каршы күрөшкөн Моголистандын эмири Камар ад-Дин Жолойдун баласы болуп көрсөтүлөт. Мажму-ат-Таварихте мындан тышкары кыргыз элинин уруулук бөлүнүштөрү, азыркы мезгилге чейин айтылып келе жаткан оозеки тарыхыбыз - санжыранын алгачкы, толук түрүндөгү варианты ушул чыгармада жолугат. Анда, кыргыз элинин оң жана сол канат, булгачы-салвасбек (ичкилик) уруулук тобуна бөлүнгөндүгү, уруулук бирикмеге кирген кыргыз урууларынын аталыштары көрсөтүлөт. Ушул маалыматтардан улам, молдо Сайф-ад-дин Аксыкентинин кыргыз элинин санжырасын, элдик оозеки чыгармаларын мыкты билгендигин баамдоого болот. Балким ал кыргыз болуп, фарсы тилинде билим алган, кийин Аксыкенти шаарында диний кызматта иштеген адам болушу мүмкүн. Молдо Сайф-ад-дин Аксыкентинин Мажму-ат-Таварих эмгеги кыргыз элинин тарыхын, оозеки чыгармачылыгын изилдөөдө тарыхый булак катары баалуу.