Бул желиндин сезгенүү ооруларынын жалпы айтылышы. Ал клиникалык жана субклиникалык болуп эки формада кездешет. Мастит саалып алынган сүттүн санын гана азайтпастан, анын сапатын да төмөндөтөт. Адатта фермерлер маститтин клиникалык формасын гана аныктай алышат. Ал эми субклиникалык ыкмалардын индикаторлордун жардамы менен гана аныктоо мүмкүн.
Диагноздоо: клиникалык маститтер - желиндин мастит болгон бөлүгүнүн жергиликтүү температурасы жогорулайт, кармалап коргондо ооруксунуусу байкалат. Субклиникалык - клиникасыз же жаашыруун өтүүчү маститтердин сырткы белгилери байкалбайт. Маститти аныктоодо бир нече лабораториялык ыкмалар бар.
Маститтин сезгенүү жолдору:
- Желиндеги ар кандай жараттар
- Желинди муздак суу менен жууганда
- Желин аркалуу инфекция киргенде
- Уйду желдүү жерге байлоодо
- Желинди чала сааганда.
Алдын ала коруучу чаралар
- 1 айда 1 жолу желинди текшерип туруу
- саанды өз учурунда саап туруу
- малды багууда санитардык эрежелерди сактап таза кармоо
- туутка 60-65 күн калганда 10-15 мл жылытылган мастисан, мастицид куюп массаж жасоо.
Дарылоо. Ар бир 3-4 саатта саап туруу. 1 күндө 1-2 жолу массаж жасап саап туруу. Серозный, катаральный жана фибринозный маститте серозн, фибринозный гемоорагический маститте желиндин ичинде сосоктон 0.25%р-р новокаинден 150-200 мл ооруган бөлүккө куюлат. Антибиотик терапия температура көтөрүлгөндө острый маститте 3-5мин ед. 1кг масса 4-5 күн куюлат. Пенициллин стрептомицин окситтрациклин, неомицин, ампицилин өңдүү антибиотиктер куюлат. Мастицит, мастисан желинге ооруган же сааган сүтүн чыпкалап антибиотик кошуп кайра үрпүнөн куйса дагы жакшы натыйжа берет.