Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Малайзия

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Малайзия

Жеринин аянты - 329750 чарчы/чакырым. Калкы - 22 229 000 адам. Малайзия түштүк-чыгыш Азияда жайгашкан, учурда тез темп менен өнүгүп жаткан мамлекет. Өлкөнү түштүк Кытай деңизи экиге бөлүп турат. Батыш Малайзия (Малайя деп да аташат) Малакка аралында жайгашып, ал эми чыгыш Малайзия болсо - Калимантан аралынан орун алган. Бул эки бөлүк бири-биринен 650 чакырым аралыкта турат. Борбору - Куала-Лумпур шаары. Малайзия экватордук алкакта жайгашкандыктан, климаты жылуу жана кымдуу келип, жаан чачын мол жаайт.

Туштук - чыгыш Азиядагы эң бийик чоку - Кинабулу чокусу (бийиктиги 4101 м) ушул өлкөдө жайгашкан. Суусу мол дарыяларынын жээктеринде мангр токойлору, тропик токойлорунда банан, папайя, нан дарагы, кокос пальмалары жана бамбуктар өтө кеңири тараган. Малайзиянын кооз архидея гүлдөрү (анын 1000ден ашык түрү бар) дүйнөгө белгилүү. Жаныбарлардан орангутан, гиббон, өзгөчө макакалар жана башка маймылдардын түрлөрү, носорог, леопард, крокодил, кызыл карышкырлар, мангусттар, тоту куштар кездешет, кыскасын айтканда жаныбарлардын көп түрдүүлүгү таң калтырат. 19-кылымдын башында азыркы Малайзиянын аймагы Англиянын колониясы болуп калган. Буга чейин өлкө арабдардын, голландиялыктардын жана португалиялыктардын бийлиги алдында болгон. Нечен жылдар бою эркиндикке жетүү үчүн жергиликтүү патриоттордун тынымсыз жүргүзгөн күрөштөрүнүн натыйжасында, 1957-жылы Малайзия көз каранды эместикке жетишет жана 1963-жылы Сингапур менен бирдикте Малайзия федерациясы түзүлөт. Бирок 1965-жылы Сингапур ич ара келишпестиктердин натыйжасында бул федерациянын курамынан чыгып кеткен.

Мурун калкынын көпчүлүгү кампонгиде (кыштактарда) жашаса, азыр шаарларда жашашат. Айрым жерлерде суу жээктери саздуу болгондуктан сваялардын үстүнө салынган үйлөрдө турушат. Малайзиянын борбор шаары Куала-Лумпурда мурдагы тарыхый архитектуралык курулуштар менен катар эле азыркы заманга ылайык абдан кооз имараттар салынган, анын ичинде дуйнөдөгү эң бийик имараттардын бири - соода борбору (бийиктиги 500 м) да ушул жерде курулган. Айыл чарбасында негизинен күрүч, ошондой эле май алынуучу пальмалар, какао, ананас, калемпир өстүрүлөт. Аймакта түрдүү кен байлыктар бар, Малайзияны каучуктун жана калайдын мекени деп бекеринен аташпаса керек. Учурда анын экономикасы тез темп менен өнүгүүдө, өзгөчө текстиль, автомобиль, дөңгөлөк өнөр жайы жана туризм өнүккөн.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4250, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу