Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Майыптар жонундо маалымат

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Майыптар жонундо маалымат

"Майыптар жонундо маалымат" - ден соолугу таза адамдын бардык органдары өз орду менен так иштейт. Бирок керектүү кыймылдарды жасай албаган адамдар да кездешет. Андай адамдардын травмадан, оорудан же органикалык жетишсиздиктерден улам чектелүүсү пайда болгон. Алар ден соолугу чектелген же майып адамдар.

Силер жолдо жай басып, таякчасы менен жерди чукулап бараткан адамды көрдүңөр беле? Булардын көрүүсү бузулган. Кулагы катуу, дүлөй адамдар да бар. Таяныч-кыймыл органдарына доо кеткен адамдарга балдак же атайын коляскалар керектелет. Булардан бөлөк ички органдары дартка чалдыккандарга атайын режим талап кылынып, өз убагында дарыларын алып туруу шарт. Мындай адамдар туш болгон кыйынчылыктарды жеңсе болот.

Тегерегиндеги адамдар алардын мүмкүнчүлүгүн эске алса, керектөөлөрүнө жараша ыңгайлашат. Маселен, соода борборлорунда коляскада келгендерге шарт түзүлүшү ылайыктуу. Коомдук транспортто да атайын жабдуулар керектелет. Тепкичтерге кармагыч орнотулуп, анча тик болбоосу тийиш. Көзү начарлар тез байкагандай дүкөндөрдүн эшиктерин ачык сыр менен боёлгону ылайык. Ден соолугу чектелүү адамдар деле көпчүлүк кишилердей экенин эстен чыгарбоо зарыл.

Кыйынчылыктарга моюн сунбай, алардын айрымдары турмушта чоң ийгиликтерге жетишип, белгилүү, атак-даңктуу болгон учурлары көп. Улуу композитор Людвиг Ван Бетховендин кулагы катуу болгон. Бирок бул кемчилик ага жолтоо боло албаган, ал жараткан музыка дүйнө өлгөндө гана жок болот.

Катуу оорудан кийин Американын президенти Теодор Рузвельттин эки буту тең шал болуп калган. Бирок эл аны төрт ирет президенттикке шайлаган. Азыркы кезде ден соолугу чектелүү спортчулардын Олимпиадалык оюндары өткөрүлүп турат. Ар кандай өлкөлөрдүн спортчулары бул оюндарда организмдеги жетишпегендиктер бактылуу турмушка эч кандай кедергисин тийгизе албастыгын далилдеп келишет.

Стивен Хокинг деген адамды билесизби? Атактуу физик-теоретик, космолог жана жазуучу. Хокингдин кыймыл аракет нейронунун сейрек кездешүүчү амиотрофикалык склероз оорусу болгон. Өмүр бою коляскада отуруп, ал жада калса сүйлөй алчу эмес, бирок ал адам дүйнө тирүүдө элеси жашай берет.

Биздин айталы дегенибиз майыптар кадимки дени соо адамдардай эле адам, кээде бизден да улук, майып болсо да ар бир адам ийгиликке жетип, тарыхта изин калтырып кетүүгө ар бирибиздин мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Эсинерден чыгарбагыла:

3-декабрь - Эл аралык майыптар куну
1992-жылы майыптардын он жылдыгынын аягында (1983-1992) Бириккен Улуттар Уюмунун генералдык ассамблеясы өзүнүн №47/3 резолюциясы менен 3-декабрды Эл аралык майыптар күнү (International Day of Persons with Disabilities) деп жарыялаган. Бул жарлыктын максаты майыптыгы бар адамдарды коомдун түзүмүнө киргизүү, өнүктүрүү, майытар жөнүндө билимди жогорулатуу жана колдоо болгон.

[ushka=seredina]

Ал эми 2006-жылдын декабрь айында БУУнун генералдык ассамблеясы майыптар укугу жөнүндөгү конвенцияны кабыл алган. Конвенция 2008-жылдын 3 майында күчүнө кирген. Конвенциянын негиздери: Адамга таандык кадыр-баркын жана жеке көз карандысыздыгын сыйлоо, декриминациялабоо, коомго толук жана эффективдүү кошуу, майыптардын өзгөчөлүктөрүн сыйлоо жана адам түркүмүнүн, адам бөлүгүнүн бири катары кабыл алуу, мүмкүнчүлүктөрүнүн теңдиги, жеткиликтүүлүк, аял жана эркек теңдиги, майып балдардын өнүгүп келе жаткан мүмкүнчүлүктөрүн жана майып балдардын индивидуалдуулугун сактоо укугун сыйлоо.

Билесиңерби, дүйнөдө орточо эсеп менен бир миллиард майып жашап келет (дүйнө калкынын 15% пайызы), жана алардын дээрлик көпчүлүгү физикалык, социалдык-экономикалык жана жүрүм-турум барьераларына кабылат. Бул аларды коомдун жашоосуна толук мастабдуу, эффективдүү жана тең укуктуу катышуудан бөлүп койгондой кылат. Ооба кандай гана болбосун майыптар куну дилбаян жазса да болчудай.

5-май - эл аралык майыптардын укугу үчүн күрөшүү күнү.
Бул дата өзүнүн тарыхын 1992-жылдан бери жазып келет. Ошол жылдын 5-майында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бир мезгилде 17 европа өлкөсүндө майыптардын тең укутуулугун сактоо жана физикалык, психикалык же сенсордук чектөөлөрү бар адамдар дискриминациясына каршы күнүн өткөрүшкөн. Ошол күндөн тарта мындай иш-чаралар салтка айланып, жыл сайын 5-май күнү өткөрүлө баштаган. Биздин өлкө да четте калбайт болушу керек.

Майыптарга жардам беруу
Каалаган жаран, майып адамдарга жардам бере алат - каалоо эле болсо кана? Жардам дегенде көбүнчөбүз эле дароо материалдык жана акчалай жардам эсибизге түшөт, моралдык жардам болсо эч кандай акчаны талап кылбайт, болгону биздин адилет сөздөрүбүз керек. Майыптарга жашоодогу эң жөнөкөй нерселер жетишпей жатканын билгенде, ар бир адам таң калгандай абалда болот. Албетте, финансы маселеси маанилүү, андан качып кутулуу болбойт. А бирок жок дегенде, бир жылда бир интернатка келип жалгыздыктан жадаган адам менен баарлашып коюуу үчүн акча талап кылынмак беле? Бир майып адамдын сөзүн ушул жакка жазып кетким келип турат: "Кээде мен коляскада отуруп, көчөдөн жөн гана баарлашып бараткан адамдарды көрүп, булар кандай гана бактылуу адамдар деп суктанам, жалгыздык эмне экенин билишпейт, билбей эле койсун, биздей адамдар аз болсун. Күндө терезенин жанында отуруп, жашоонун баркын ошондо түшүндүм". Кандай гана сөздөр, кандайдыр бир философ сүйлөп жаткандай сезилет. Майыптарга жардам беруу ар кандай формада болушу мүмкүн, эң башкысы эгер биз майыптарга жардам бергибиз келбесе, биз өзүбүздү алдабашыбыз керек. Убакыт жок, акча жок, майыптарды өкмөт караш керек - мунун баары реалдуулукка байланышы жок шылтоо. Андан көрө "мага барыбир" деп ачык айталы. Ишенип койгула көпчүлүк адамдар ушинтип ачык айтууну да жасай албайт. Сизчи? Сизге барыбир эмеспи? Анда келгиле, кандай жардам берсе болот, ошол жөнүндө айталы.

Сөзсүз эле акча эмес. Балким биздин үйүбүздө кереги жок болуп, чаң басып жаткан буюмдарга азыр бирөө муктаж болуп жаткандыр? Көпчүлүк учурда майыптар төмөнкү буюмдарга зарыл:

Бул материалдык жардам болду, ал эми моралдык кандай жардам бере алабыз, алар төмөнкүдөй:
Майыптарга ыктыярчы болуу (волонтер), майыптарга жумушка орношууга жардам берүү (жумуш берүүчүлөрдүн кулагына алтын сырга), юридикалык жардам, психологиялык жардам, социалдык кенештер (пенсия, пособия боюнча), үйүнө, короо-жайына жардамдашуу, пандус жок имараттарга пандус орнотууну сунуштоо жана башка ушул сыяктуулар.

Майыптар жонундо ырлар кичине болсо да акын болуп жазымыш эттик:
Үмүттөр жүрөгүңөрдү жылытсын,
Күмөн күндөр кар эригендей эрип кетсин,
Кыялдарга кадам таштай бергиле,
Бутуңарды бажырайган гүл бассын!
***
Үйүңөрдө жакшы маанай аралап,
Адамдар унутпасын силерди,
Жашооңорду курбу-курдаш каптасын,
Ойлоруңар уча берсин көкөлөп.
***
Кайнаган тиричилик жашоодо,
Калтырбайлы, назик жандуу адамды,
Билем, коркпойт алар эч нерседен,
Максатына кадам шилтеп тажабай.
Сурабайт, ыйлабайт, алга кана баратат,
Жашоонун, алар билген кадырын,
Айкөл адам, айкөл адам болушат.

Майыптар уйу жонундо
Майыптар уйу, аны дагы карылар үйү деп дагы айтышат. Бул мамлекеттик же жеке-менчик мекемелер, ал жакта күн сайын кароого муктаж болгон карылар, майыптар бар. Ал жактан карыларга жана майыптарга жатакана жана медициналык жардам көрсөтүлөт. Албетте, баары жакшы деп айтууга болбойт, бирок өкмөтүбүз аракет кылууда.

Достор, майыптар жонундогу макалабыз соңуна келди, биздин өлкөдөгү майыптардын саны канча экенин билсеңер, пикир калтырып койгула.

Жайгаштыруу: 2018-03-29, Көрүүлөр: 25867, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-11-19
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо