Махабат (поэма) | |
---|---|
Автор | Алыкул Осмонов |
Дата | 11-март, 1945-жыл |
Жери | Койсары |
Калаага бир иш менен шашып бардык,
Кайтарда көп таза пул сатып алдык.
Ат жүрбөй карааны алыс айлыбызга
Жете албай Күрмөнтүгө конуп калдык.
Конгон үй эң бир таза, кенен экен,
Мейманга аш-тамагы белен экен.
Үй ээси: сакалынан ырыс тамган
Ак көңүл Сагдат аке деген экен:
Каттама, мамиле чай, шекер, каймак,
Тамактын ар түркүмү бирден жайнап.
Насиптин буйругуна айла барбы,
Казанда сүрсүгөн эт бүлк-бүлк кайнап.
Чарчабай бир жаш улан кесе сунган,
Тартынбай канганча ичип бозосунан,
Оолжуп орто кызып алган кезде,
Муну уктук карыянын өз оозунан:
"Э балам, айланайын Алыкулум,
Сүйлөйүн жаңы кептен элден мурун...
Башкача ачык өсүп бара жатат,
Азыркы жаш өспүрүм, жаңы муун.
Эстүү кыз Күлшайы аттуу биздин жээн,
Касымга ашыклыгын билдирбеген,
Ашыгы кан майданга жөнөгөндө
Ичинен бакыт тилеп жаш ирмеген.
Анысын Касым бала сезген да эмес,
Беттешип эки ооз сөзгө келген да эмес.
Махаббат ошондой бир ылдам нерсе,
Күтүүсүз жарк этери эске келбес.
Жигиттен туура эки жыл дайын чыкпай,
Жаш үмүт күтө... күтө жайдыр-кыштай,
Өңү өчүп күзгү гүлдөй болуп калды
Күлшайы буралган кыз тал чыбыктай.
Ашыклык махаббаттын зардабынан,
Саргарып санаа тартып, ажарлуу ыраң,
Сүйүүнүн чындап күйгөн күйүтүнөн,
Таптакыр эки көзү соолуп калган.
Бир күнү, күз айында, кечке таман,
Ок тийип эки аяктан ажыраган.
Касымжан кайтты деген кабар келди
Айылга көңүл ачык, эсен-аман.
Чакырат күндө бирөө, Касым барат,
Ошентип сагынышкан чери тарап,
Кез келип биздикине мейман болуп
Олтурду ойноп күлүп тамашалап.
Шол замат көрбөй басып, басар жерди,
Күлшайы үстүбүзгө кирип келди:
"Аманбы, Касым курдаш, руксат болсо,
Бир суроо–суроо үчүн келдим,"–деди.
Жаш жигит даана тиктеп таң калгандай,
Сураңыз, эгер болсом–чече алгандай,
Кыз анда "Махаббат дейт, ашыктык дейт,
Мааниси ушул сөздүн, курдаш, кандай?"..
Касымжан берер жообун белендеди,
Канжарын белиндеги кемердеги,
Тез гана шып эттире сууруп алып:
"Кылда учун бул канжардын карма" деди...
Кыз ойлоп "канжарынан кандай ийги?"...
Сунду эле ак колуна учу тийди,
Мизинин ошончолук ысыгынан
Бир минут чыдай албай таштап ийди:
"Карындаш, деди жигит–аңдап алгын,
Махаббат мына ушундай ысык жалын,
Мен сүйдүм мекенимди, ата журтту,
Ошого бердим сүйүү ынак канын..."
Кыз анда: "Камчың болсо мага сунчу"
Касымжан камчы алууга өйдө турду,
Берди эле, кыз уч жагын кармап бир аз,
Жигитке "карма,–деди мына муну"...
Ал анда: "Камчысынан кандай ийги?
Кармады, камчы учуна колу тийди,
Кыз колу, тийген жердин ысыгынан
Бир минут чыдай албай таштап ийди".
Кыз айтты "Касым курдаш, аңдап алгын,
Махаббат мына ушундай ысык жалын...
Мен сүйдүм, сени сүйдүм, таза сүйдүм,
Сүйүүнүн сага бердим ынак канын".
Касымжан мени тиктейт, толкуп, кеңип,
Биз анда экөөң бирдей жүргүн дедик.
Той жасап, туш-тараптан эл чакырып,
Экөөнүн өмүрүнө алкыш бердик.
Ой, бали ай, ашыклыктын ана күчү!
Кырк күндөн, кырк бирине оогон түнү,
Уялтып биздин көздү жалжылдаган
Күлшайга эки кара кой көз бүттү.
Ой, бали, махаббаттын ана күчү!
Кырк күндөн, кырк бирине оогон түнү,
Мекенди жана жарды сүйүү эркинен
Касымга кайра жаңы аяк бүттү"...
Биз конгон ошол күндүн таң эртеси,
Үйлөрү тетиги ойдо, баргын дешти.
Сүйлөштүк Күлшайы тың саанчы экен,
Касымжан шол колхоздун уй фермасы.