Билим беруу жана илим Калктын билим денгээлин которуудо жалпы билим беруучу мектептердин ролун жакшы тушунгон партиялык-мамлекет жетекчилик сегизинчи беш жылдыкта (1966-70-ж.) жалпыга милдеттуу орто билимге отууну, ал эми тогузунчу беш жылдыкта (1971-1975-ж.) бул ишти толук аяктоо милдетин койгон. 1966-1985-ж. республикада 756 мин орундуу 859 мектеп курулган. Республикадагы жалпы билим беруучу мектептердин ишин жакшыртууда чечуучу роль анда эмгектенген мугалимдерге байланыштуу болгон. 1984-1985-окуу жылында Кыргызстандын мектептеринде 58 мин мугалимдер жана тарбиячылар эмгектенишкен. Алардын 41 мини айылдык мектептерде иштешкен. 1965-1985-жылдары шаардык мектептерде жогорку билимдуу мугалимдердин саны 21 пайызга, ал эми айылдык мектептерде 30 пайызга жогорулаган. Бул жылдары жогорку жана атайын билим беруу иши да оркундотулгон. 1965-1968-жылдары Бишкектеги политехникалык, мед., айыл чарба, дене тарбия, Пржевальскидеги пед. институттардын жаны окуу имараттары курулган. 1967-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институту ачылып, республикада музыкалык билим беруучу борборго айланган. Бишкектеги музыкалык-пед., Каракол, Ош, Нарын педагогикалык окуу жайлары, курулуш, соода, автожол техникумдары адистерди даярдап чыгара баштаган.
1989-1990-окуу жылында Кыргызстанда 9 жогорку жана 48 атайын орто окуу жайлары иштеп, аларда 205 мин студент билим алган, булардын 94,6 мини жогорку окуу жайларынын студенттери болушкан. 80-жылдары республиканын жогорку окуу жайлары орто эсеп менен жылына 10 минден, ал эми атайын орто окуу жайлары 14 минден адистерди чыгарып турган. 1989-жылы Кыргызстандын эл чарбасында 180 мин жогорку жана атайын орто билимдуу адистер эмгектенген, бул 1960-жылы салыштырганда 5,4 эсеге коптук кылган. 1964-1990-жылдары илимдин техникалык, физика-математикалык, тоо-кен, химия, биология, коом таануу тармактары онугуп, 1975-жылы илим изилдоодогу жана илимий адистерди даярдоодо жетишкендиктери учун Кыргыз ССР ИАсы Эл достугу ордени менен сыйланган. Бул мезгилде Кыргызстан ИАсында 17 илимий мекемелерди бириктирген уч болум иштеп, анда 1,2 мин окумуштуу (анын ичинде 26 академик, 32 корр.
-мучо, 75 илимдин докторлору жана 512 илимдин кандидаттары). эмгектенген. 90-жылдардын башында илим-изилдоо иштерине болунгон каражаттын аздыгынан бул тармактын солгундап, бир кезде союздук масштабда илимий ачылыштары менен даназаланып турган Кыргызстандын илими кризиске учураган. Коп эмгек менен даярдалган илимий адистер башка республикаларга же коммерциялык багытка отуп кетууго мажбур болушкан. Адабият жана искусство 60-жылдардын ортосунда акындар Э. Ибраевдин, М. Абылкасымованын, М. Буларкиеванын, О. Даникеевдин, Т. Кожомбердиевдин, Б. Сарногоевдин жана башка эмгектери эл ичинде жогору баалана баштаган. 1965-жылы Т. Сатылгановдун 100 жылдык юбилейине карата Кыргызстандын Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгы белгиленген. Бул сыйлык алгачкы жолу «Тан алдында» романы учун А. Токомбаевге жана «Абийир кечирбейт», «Суйуу жана умут» деген пьесалары учун Т. Абдумомуновго ыйгарылган.
1968-жылы Кыргыз ССРинин «Эл жазуучусу», «Эл акыны» деген наамдар белгиленген. Бул наамдарга биринчи болуп Ч. Айтматов, К. Баялинов, К. Жантошев, Т. Сыдыкбеков, Т. Уметалиев татыктуу болушкан. 1971-1975-жылдары А. Токомбаевдин, К. Баялиновдун, Т. Сыдыкбековдун, Т. Уметалиевдин, К. Маликовдун, Э. Ибраевдин чыгармаларынын жыйнактары жарыкка чыгарылган. Кыргыз адабиятынын баштоочуларынын бири А. Токомбаевге Социалисттик Эмгектин Баатыры наамы берилген. Чыгармачылыктагы жетишкендиктер учун А. Токтомушев менен С. Эралиевге Кыргызстандын эл акындары деген наам ыйгарылган.
Я. Шиваза, Т. Абдымомунов, Ш. Бейшеналиев, Н. Байтемиров, К. Каимов, С. Сасыкбаев, Н. Удалов искусствонун эмгек синирген ишмери, маданиятка эмгек синирген кызматкер деген ардак наамдарга татыктуу болушкан. Т. Касымбековдун «Сынган кылыч» аттуу тарыхый романы окурмандардын купулуна толгон. Бул жылдары болок элдердин адабиятын кыргыз тилине которуу ишине да чон конул бурулган. Кыргыз окурмандары дуйно элдеринин, советтик жазуучулардын чыгармачылыктары менен кенири таанышууга мумкундук алышкан. 1984-жылы карата кыргыз жазуучуларынын 470 китеби СССР жана дуйне элдеринин тилдерине которулган. Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы озунун апогейине ушул мезгилде которулгон. Анын китептери 8 млн нуска менен дуйно элдеринин 50дон ашык тилдерине которулган. Ал эки жолу: 1968-жылы «Жаныбарым Гулсары», 1983-жылы «Кылым карыткан бир кун» аттуу чыгармалары учун СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. 1978-жылы ага Социалисттик Эмгектин Баатыры наамы ыйгарылган.
80-жылдарда кыргыз адабияты дагы жаны бийиктикке которулуп, калктын купулуна толгон Т. Сыдыкбековдун «Замандаштар», Ш. Бейшеналиевдин «Болот калем», С. Омурбаевдин «Озгоргон ороон», А. Сальниковдун «Кызыл жалын», Э. Ибраевдин «Белес», «Момолуу дарак» ж. б. чыгармалары жарык коргон. Т. Уметалиев, Н. Байтемиров, Ш. Бейшеналиев, жана М. Абылкасымова чыгармалары учун Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктарын алышкан. 1987-жылы Кыргызстандын жазуучуларынын ичинде Социалисттик Эмгектин 2 Баатыры, Лениндик сыйлыктын 1 лауреаты, 4 СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын ээлери, Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктын 10 лауреаты, 10 Кыргыз Эл жазуучулары жана акындары, Кыргыз ССР ИАнын 6 анык жана корр-мучосу, СССР Жазуучулар союзунун 21 мучосу болгон. Бул кыргыз адабияты учун чон жетишкендик эле. 50-жылдардын ортосунда эле озунун чыгармачыл жолун баштаган кыргыз кино искусствосу 1960-1980-жылы дуйно элдерине таанымал «Эрте жаздагы турналар», «Аптап», «Караш-караш окуясы» (реж. Б. Шамшиев), «Мен Тянь-Шань», «Биздин балалыктын асманы», «Ысыкколдун кызгалдактары», «Кок Серек» (реж. Б. Шамшиев), «Кызыл алма» (Т. Океев), «Ак кеме» (реж. Б. Шамшиев), «Улан» (реж. Б. Шамшиев) жана башка корком тасмаларды жараткан. Аталган фильмдердин копчулугу СССРде жана чет мамлекеттерде откорулгон абройлуу кинофестивалдарда жогору бааланган. Кыргыз кино искусствосун онуктуруудо таланттуу режиссерлор Т. Океев, Б. Шамшиев, Г. Базаров, Д. Садырбаев, атактуу артисттер С. Чокморов, М. Рыскулов, С. Жумадылов, Б. Кыдыкеева, Д. Куйукова, Т. Турсунбаева, Б. Бейшеналиев, С. Кумушалиева жана башкалар оздорунун зор салымдарын кошушкан. 80-жылдары Кыргызстанда 8 адистештирилген театр, анын ичинде бир опера жана балет театры, 6 драмалык жана музыкалык театрлар, республикалык куурчак театры иштеген. 1960-1980-жылдары республикада корком-сурот онору оскон.
1966-жылы Кыргызстандын Суротчулор союзу уюшулуп, ага 51 суротчу мучо болгон. С. Чуйковдун «Туболуктуулукко жанашуу», Г. Айтиевдин «Талаадагы тандыр», «Эски кыштак», «Кызыл булуттар» аттуу чыгармалары кыргыз искусствосунун классикасы болуп калган. Республикада сурот искусствосунун онугушуно бул мезгилде А. Игнатьева, Л. Ильина, А. Асранкулов, А. Бейшенова, К. Артыкбаев, С. Чокморов жана башкалар салым кошушкан. Кыргызстанда скульптура онорунун онугушуно Лениндик сыйлыктын лауреаты, Социалдык Эмгектин Баатыры Т. Садыков корунуктуу салым кошкон. 1978-жылы анын «Революциянын каармандарына» аттуу монументи ачылган. Бул эмгеги учун Т. Садыковго 1980-жылы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. 1984-жылдары Кыргызстанда скульптура боюнча Буткул союздук 1-симпозиум откорулгон.
Анын катышуучулары Бишкектеги паркта ачык асман алдындагы скульптура музейин тузушкон. 1985-жылы скульптура боюнча Эл аралык симпозиум откорулгон. Бул иштер республикада искусствонун бул турунун онугушуно оболго болгон. Ушул жылы Улуу Ата Мекендик согуштун 40 жылдыгына карата «Жеништин эстелиги» скульптуралык-архитектуралык комплекси ачылган.