Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ломоносов омур баяны

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Ломоносов омур баяны

"Ломоносов омур баяны", Ломоносов Михаил Васильевич (1711-1765) Архангельск губерниясында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Бала кезинде атасы менен бирге балык уулаганы деңизге көп барчу. Окуганды эрте үйрөнгөн, билим алууну жан-дили менен эңсээр эле. Михаил Ломоносов ушул максат менен тоңдурулган балык жүктөлгөн чаналарды ээрчип Москвага жөө жөнөйт. Москвада Славян-грек-латын академиясына өтүш үчүн өзүн дворяндын баласымын деп айтууга туура келет, себеби дыйкандардын балдары ал кезде окууга кабыл алынган эмес. Алты жылдан кийин Михаил Ломоносов окуудагы ийгиликтери үчүн Германияга тоо-кен ишин жана химияны окуп үйрөнүүгө жөнөтүлөт. Билим жолунда узак жылдар бою талыкпаган эмгектин натыйжасында Ломоносов ири илимпоз болду. Билимдин ар түрдүү тармактарында, адабият жана искусстводо жалгыз адам ушунчалык көп иш бүтүргөнүн элестетүү кыйын. Ал тургай франциялык бир тарыхчы Россияда эки Михаил Ломоносов - акын жана химик бар деп эсептеген. Бирок химик да, акын да бир эле Михаил Ломоносов болгон.

Мындан тышкары ал физик жана сүрөтчү, астроном жана металлург, географ жана тарыхчы, агартуучу жана мамлекеттик ишмер болгон. Ломоносов өзүнүн лабороториясында жүргүзгөн физикалык жана химиялык тажрыйбалары өтө тактыгы менен айырмаланган. Күндөрдүн биринде ал мындай тажрыйба жасайт: коргошун пластинкалар салынып кадалган айнек идишти таразага тартып, анан кызытат да кайрадан таразага тартат. Пластинкалар кычкыл менен капталат, бирок идиштин жалпы салмагы өзгөрүлбөйт. Табияттын негизги мыйзамдарынын бири - материянын сакталуу мыйзамы ушинтип ачылган.

"Ломоносов омур баяны" жазууда аны улуу илимпоз деп айтуу үчүн жалгыз гана ушул ачылыш жетиштүү болмок. Ал жылдыз жана планеталарды байкоо үчүн телескоп конструкциялап жасаган. Бул телескоптун жардамы менен ал Чолпоп планетасы биздин Жер сыяктуу эле атмосфера менен курчалганын ачкан. Чолпондо атмосфера бар экендигин астрономдор жүз жылдан ашуун мезгил өткөндөн кийин гана кайрадан ырасташты. Ломоносов илимдин салтанаты үчүн кенебестик менен түркөйлүккө каршы өмүр бою талыкпай күрөшүп келген. Аалам чексиз, анда жашаган тирүү жандыктар сансыз көп, биздин жер да, табиятта болгон бардык башка нерселер да катып калган, өзгөрүлбөс нерсе эмес, тескерисинче, тынымсыз өзгөрүлүп жана өнүгүп турат деген. Астрономиянын практикада колдонулушуна эч ким Ломоносовдой камкордук көргөн эмес.

Ломоносов өз мезгилинин эң ири астрономдорунун бири деп эсептелет. Ломоносов бардык телолор эң майда жана кыймылдуу бөлүкчөлөр - молекула жана атомдордон турат жана бул бөлүкчөлөр ысытканда тезирээк, муздатканда жайыраак кыймылдайт деп эсептеген. Ломоносовго чейин Россияда китептерди негизинен чиркөөлүк эски славян тилинде жазышчу. Михаил Васильевич колдонуудагы оозеки тилди изилдеп, орус тилинин алгачкы нукура илимий грамматикасын жазган. Орус тилинин кооздугун жана күчүн өз ырларында көрсөткөн.

"Ломоносов омур баяны" баяндоодо Петербургдун жанында Ломоносов фабрика куруп, ал жерде анын рецептери боюнча түрдүү түстөгү айнектер чыгарылган. Мындай айнек сыныктарынан Ломоносов эң сонун сүрөт-мозаикалардын бир нечесин жасаган. Алардын арасында айтылуу Полтава салгылашынын сүрөтү жана Пётр 1-нин портрети бар. Михаил Васильевич Россиядагы алгачкы жогорку окуу жайы - Москвадагы университетти ачууга көп күч короткон. Дүйнөдөгү эң мыкты окуу жайлардын бири - Москва мамлекеттик университети М. В. Ломоносовдун ысымын сыймык менен алып жүрөт. "Ломоносов кыргызча" жазып маалымат берүүгө аракет кылдык. Кошумча макала бул.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 7368, Өзгөртүлгөн: 2018-03-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо