Россиянын табиятын Исаак Ильич Левитандай толук чагылдырган сүрөтчүлөр сейрек. Левитан жөнөкөй орус пейзажынын сыйкырдуу ажарын, кыйылган токойдун үстүндө майдалап жааган акжаандан тартып, кудуктан кепени көздөй кеткен жалгыз аяк жолго чейинки эн жөнөкөй көнүмүш нерселердин көмүскө кооздугун көрсөткөн. Левитандын күчү - биздин табиятка абай салып кароого жана дит коюп байкап көңүлгө түйүүгө үйрөткөндүгүндө. Мына ошондо гана биз жаратылыштын мурда дегеле сезип-туйбаган көп түрдүү, көп түстүүлүгүн байкайбыз. Левитандын сүрөттөрүн патриоттук чыгармалар деп айтууга болот. Кичине өзөнгө салынган көпүрө, жалбырактары шамалга шуудураган карт кара терек, жамгырдан кийинки жыты аңкыган вереск бадалы сыяктуу майда-барат нерселерден чоң Мекен сезими жаралат. Мына ушулардын баары, майда суулар биригип дайра болгондой, бардыгыбыз терең сүйгөн чексиз кымбат Мекенди түзөт. Сүрөттөрдүн ар бири жөнүндө изилдөө жана поэма жазууга болот. Бирок жөн эле сүрөттөп жазууга мүмкүн эмес.
Аларды өз көзүң менен көрүшүң керек. Алтын күздөгү көмкөрүлгөн көк асмандын түпсүз тереңдигин, жалбырагы күбүлө баштаган алтын түстүү кайыңдарды көрүш абзел. Жандуу элестүүлүгү, боёкторунун тактыгы жана жөнөкөйлүгү боюнча ал Пушкиндин күздү сүрөттөп жазган чыгармаларына тете. Бул сүрөттө таза абасы салкын тартып, суулары жылжып жай аккан, учу-кыйырсыз мейкиндер алаканга салгандай көрүнүп, табы кайтып бараткан күндүн нуруна жуунган алтын жалбырактар шуудураган орус күзүнүн поэзиясы адам таң каларлык чеберчилик менен көрсөтүлгөн. Түнөргөн жаан-чачындуу күндүн өзгөчө сыпатын чебер көрсөткөн Түбөлүк бейкуттук үстүндө, эрий баштаган кар күнгө чагылып жалтыраган Март, жашыл жээк менен терең, тунук суунун айкалышуусунан бардык нерселер өзгөчө сырдуу көрүнгөн Көк ирим жээкте, өз элине берилгендиги үчүн каторгага айдалган Россиянын эң мыкты уулдарынын элеси туюлган Владимирка сүрөттөрүн да өз көзүң менен көрүшүң керек. Левитандын сүрөттөрүн кунт коюп көргүлө. Мына ошондо табияттын бейкут кооздугу көз алдыңарга тартылат.