Лексикография (байыркы грекче λεξικόν [lexikon] «сөздүк» + γράφω [grapho] «жазам») — сөздүктөрдү түзүү жана жана аларды изилдөө маселелери менен иш алып барган тил илиминин бөлүмү; сөздүн семантикалык түзүмүн, сөздүн өзгөчөлүктөрүн, алардын түшүндүрүлүшүн изилдеген илим.
Тажрыйбалык лексикография тилге окутууну, баяндоону жана нормалдаштырууну, тил аралык баарлашууну, тилди илимий жактан изилденүүсүн камсыз кылып, коомдук маанилүү функцияларды аткарат. Лексикография тил жөнүндө билимдердин толугу менен чагылдырылышынын эң оптималдуу жана алгылыктуу жолдорун табууга умтулат.
Теориялык лексикография сөздүктүн макро (лексиканы тандап алуу, сөздөр тизмесинин көлөмү жана мүнөзү, материалдардын жайгашуу негизи) жана микро түзүмүн (сөздүк макаланын түзүмү, сөздүк аныктамалардын түрлөрү, сөз жөнүндөгү түрдүү маалыматтардын катыштыгы, тилдик иллюстрациялардын түрлөрү ж. б.) иштеп чыгуусу менен байланышкан, ошондой эле лексикография тарыхы менен сөздүктөрдүн типологиясын түзүү көйгөйлөр комплексин камтыйт.
Лексикография анын бардык касиеттерин камтыган сөздү түшүндүрүп, сөздүк бир гана тил боюнча уникалдуу жана алмаштырылгыс жардамчы болбостон, маанилүү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүчү аспап дагы болот.
XXI кылымдын лингвистикалык илими сөздүк формасында алынган маалыматтардын бардык аспектилерин ишкек ашырууга аракет кылат, ошондуктан жаңы сөздүктөрдөгү баяндоо объекти катары сөздөр гана болбостон, башка тил бирдиктери да болот.
Атактуу лексикографтардын арасында — Юлий Поллукс, Иоганн Готфрид Вальтер, Шарль Дюканж, Владимир Иванович Даль, Иоганн Кристоф Аделунг ж. б.
Лексикографиялык ирет — кээ бир иреттелген Σ (сигма) алфавиттин көптөгөн сөздөрү үстүндөгү сызыктуу иреттин катыштыгы. Лисикографиялык ирет аталышын сөздүктөгү алфавит боюнча сорттоо аналогиясына ылайык алган.