Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Лейкоз (ак кан) оорусу

Баш барак | Медицина | Лейкоз (ак кан) оорусу

Лейкоз же ак кан оорусу – бул организмдин кан пайда кылуу системасынын шишик оорусу. Бул оорудан негизги зыянды сөөк чучугунун кан пайда кылуучу клеткалары көрөт.

Мазмуну

Оорунун өнүгүү факторлору

Mayo жана ACSтин маалыматтары боюнча, лейкоздун так себептери илимге белгисиз.

Лейкоздун көбөйүү коркунучу менен байланышкан факторлордун арасында (Mayo маалыматы боюнча): химиотерапия жана радиотерапиянын айрым түрлөрү, айрым генетикалык бузулуулар, бир катар химикаттарга дуушар болуу, тамеки тартуу (курч миелобласттык лейкоздун коркунучу жогору), тукум куучулук (үй-бүлөдөгү лейкемия учурлары).

Белгилери

Дарт аныктоо

Лейкоздун дарт аныктоосунда (диагностика) морфологиялык изилдөө чоң мааниге ээ. Морфологиялык диагноздун негизги ыкмалары болуп перифериялык кандын мазокторун жана сөөк чучугун (костный мозг) биоптаттарын изилдөө саналат.

Лейкоз диагностикасындагы негизги багыт мүнөздүү белгилер болгон учурда лабораториялык текшерүүлөр болуп саналат. Аларга перифериялык кан көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүүлөрүн аныктоо кирет:

Мындан тышкары, сөөк чучугунун пункциясы жасалып, андан соң миелограмма жана цитохимиялык изилдөө жүргүзүлөт.

Дарылоо

Бейтаптарды дарылоо лейкоздун формасына жана дененин жалпы абалына жараша жүргүзүлөт. Милдеттүү түрдө тезинен ооруканага жаткыруу.

Дайындалат:

Өнөкөт лейкоздо дарыгер колдоочу тактиканы тандайт, анын максаты оорунун өнүгүшүн кечеңдетүү же жоюу. Курч лейкоз дароо дарылоону талап кылат, ал өзүнө көп өлчөмдө химиотерапевтикалык каражаттарды ичүүнү камтып, организмге лейкоздук клеткалардан тазаланууга мүмкүндүк берет. Андан кийин, зарыл болгондо, сөөктүн чучугун донор клеткаларын трансплантациялоо дайындалат.

Цитостатиктер - бул атиптик клеткалардын өсүшүнө тоскоол болгон дары каражаттары. Алар таблетка түрүндө же иньекция менен тамыр аркылуу куюлат.

Оорунун башка варианты өзүнүн дарылоо режимин талап кылат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (world health organization - who) сунуштарына ылайык, ар бир адисте ар кандай дарылоо схемалары бар.

Лейкоздун так варианты аныкталгандан кийин (клетканын курамын эске алуу менен), пациентке керектүү схема боюнча бир нече курстарда химиотерапия дайындалат.

Биринчи курс зыяндуу клеткаларды жок кылууга багытталган. Анын узактыгы өзүнчө (индивидуалдуу) аныкталат жана бир нече айга созулат.

Ал ийгиликтүү ишке ашкандан кийин, колдоочу дарылоо дайындалып, пациентке ошол эле өлчөмдөгү цитостатиканын дозасы берилет.

Жана акыркы баскыч - алдын алуу курсу. Ал таасирди бекемдеп, пациентке ремиссия абалында узак болушуна шарт түзөт. Химиотерапиянын бүткүл курсун бүткөндөн кийин, бул ооруга эч качан чалдыкпоо ыктымалдыгы жогору.

Бирок, медицина азырынча жетиштүү өнүкпөй, организм өзүн ар кандай алып барышы мүмкүн. Ошентип, толук дарылоодон өткөндөн кийин да, оору кайрадан кайтып келиши ыктымал. Бул учурда, дарылоонун дагы бир варианты сунушталат - сөөк чучугун трансплантациялоо.

Эксперименттик ыкмалар

Сиэттлдеги Фред Хатчинсон шишиктерди Изилдөө Борборунун изилдөөчүлөрү иммундук клеткалардын шишикке каршы активдүүлүгүн жогорулатуунун жолун табышып, натыйжада мурун үмүтсүз деп эсептелген адамдарды дарылоодо дээрлик 100% натыйжага жетишип, бир нече жума жаңы терапияны колдонуу менен 29 пациенттин 27инде, сөөк чучугун анализинде зыяндуу клеткалардын жок экендигин көрсөттү.

Классификациясы

Классификациялоонун 5 негизги принциптери бар:

Оорунун өтүү түрү боюнча

Белгилей кетүү керек, курч лейкоз эч качан өнөкөт болбойт, өнөкөт лейкоз курч болбойт. Ошентип, «курч» жана «өнөкөт» деген терминдер ыңгайлуулуктан улам гана колдонулат, гематологиядагы бул терминдердин мааниси башка медициналык дисциплиналардагы маанилерден айырмаланып турат.

Өнөкөт лейкозго «күчөө» мезгилдери мүнөздүү - бласт кризиси, кан сүрөттөлүшү курч лейкозго окшош болуп калат.

Шишик клеткаларынын дифференциация даражасына ылайык

Цитогенезге ылайык

Бул классификация кан жаралуу түшүнүгүндө негизделген.

Бул классификациядан алганда, өнөкөт лейкоздун курч лейкозго салыштырмалуу этиологиялык факторлордун (вирустардын, иондоштуруучу нурлануунун, химиялык заттардын таасири ж.б.) таасири менен узак мезгилге созулган таасири жөнүндө сөз болот.

Башкача айтканда, миелогендүү же лимфопоэздин тукум куучулук клеткаларынын бузулушунан тышкары, курч лейкозго мүнөздүү бузулуулар пайда болот; өнөкөт лейкоздун өтүшүнүн «татаалдашуусу» болот.

Шишик клеткаларынын иммундук фенотипинин негизинде

Учурда шишик клеткаларынын тагыраак типтөө алардын иммун фенотипине жараша CD19, CD20, CD5 экспрессия, иммуноглобулин жеңил чынжырлары жана башка антигендик маркерлери аркылуу мүмкүндүгү түзүлдү.

Лейкоциттердин жалпы саны жана перифериялык кандагы бласттык клеткаларынын болушу аркылуу

Морфологиялык өзгөчөлүктөр

Жогорку блоктогу дифференцировкада лейкоз клеткалары сөөк чучугунун клеткаларын жана биринчи төрт клеткалар классынын бласттык клеткаларын элестетиши мүмкүн.

Ошондуктан, лейкоздун дифференциация даражасына ылайык, бласттык жана дифференцияланбаган деп аталат. Алар курч болгондуктан, курч бласттык лейкоз жана дифференцияланбаган лейкоз деп айтууга болот.

Дифференциациянын төмөн блогу менен лейкоз клеткалары процитардык жана цитардык клеткаларды элестет - муруңкулары, лейкоздор азыраак зыяндуу өтүп, өнөкөттөр цитардык болот.

Курч лейкоздун негизги клиникалык белгилери:

Өнөкөт лейкоздун негизги клиникалык белгилери (белгилери бирдей, бирок тескерисинче):

Адабияттар

Шилтемелер

Жайгаштыруу: 2020-07-21, Көрүүлөр: 7458, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-07-28
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо